Жаан карга айланат. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКол чатыр көтөргөн аял. Архив
Кол чатыр көтөргөн аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.

БИШКЕК, 5-сен.— Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жакынкы үч күндүн ичинде аба ырайы кескин өзгөрө турганын айтып, шашылыш билдирүү таратты.

Маалым болгондой, 2020-жылдын 6-сентябрынан 8-сентябрга чейин Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Баткен аймактарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлүүдө.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетиши ыктымал.

Бишкек — Ош жолундагы туннель 30-октябрга чейин маалы менен жабылып турат

7-сентябрь күндүз жана 8-сентябрь түнкүсүн абанын температурасы төмөндөйт:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12 градус, күндүз 18…23 градус жылуу болот. Ал эми тоо этектеринде түнкүсүн -1…-6 градуска чейин абанын температурасы төмөндөй турганы айтылды.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 4…9 градус болсо, күндүз 15…20 градуска чейин жылыйт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 9…14 градус, күндүз 22…27 жылуу болот. Бирок тоо этектеринде түнкүсүн -4…-9 градус суук боло турганы кошумчаланды.

Ысык-Көлдө түнкүсүн 2…7 градус, күндүз 14…19 градус жылуу болсо, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20 градуска чейин жылыйт.

8-сентябрда түнкүсүн Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл облусунун чыгышында 0…-2 градус үшүк жүрүшү мүмкүн.

ӨКМ мындай аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындата турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0