Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКүзгү талаа. Архив
Күзгү талаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-сентябрда республикада түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Шейшемби күнү, 8-сентябрда, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу аймактарда кар жаайт. Ал эми дыйканчылык жерлеринде күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Күздүн илеби билинип... Келерки аптага карата аба ырайынын божомолу

Күндүн табы Чүйдө +21…+26, Талас жергесинде +17…+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +24...+29, Ысык-Көлдө +17...+22, ал эми Нарын аймагында +18…+23 градус болот.

Абанын температурасы борбор калаабыз Бишкекте +23...+25, Ошто +27...+29 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0