БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайы туурасында болжолдуу маалымат берди.
Дүйшөмбүдө жамгыр жаабайт, шейшембиге караган түнү өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. 15-сентябрда күндүз жана 16-17-сентябрда күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
14-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
15-сентябрда түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Талас облусунда жаан-чачын болбойт.
Ал эми 15-сентябрда күндүз, 16-сентябрда жана 17-сентябрда түнкүсүн аба ырайы өзгөрүбөйт. Бирок 17-сентябрда күндүз кээ бир аймактарда өткүн өтөт.
14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Деген менен 14-сентябрда күндүз жана 15-сентябрда түнкүсүн күндүн көзү бузулуп тоолуу райондордо жамгыр, бийик тоолуу жерлерге кар жаай турганы айтылды. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.
Ак-Сай жайлоосуна малчылар жакага түшө электе кар жаап салды. Видео
15-сентябрда күндүз, 16-сентябрда жана 17-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт.
17-сентябрда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Бирок дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан жаабайт.
14-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, тоолорго кар жаашы ыктымал.
15-сентябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо жаан жаайт.
16-сентябрда жана 17-сентябрда күн ачык болмокчу.
14-15-сентябрда түнкүсүн кээ бир аймактарда жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. 15-сентябрда күндүз, 16-17-сентябрь күндөрү түнкүсүн жаан-чачын жаабайт.
18-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу аймактарында өткүн өтүп, тоолорго кар жаайт. Дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан жаабайт.
18-сентябрда күндүз жана 19-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт.
Жер бетиндеги эң жогорку температура катталган аймак аталды
19-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу жерлеринде күн күркүрөп, жамгыр, тоолорго кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Өлкөдө 18-сентябрда абанын температурасы төмөндөп, бирок кайра 19-сентябрда жогорулайт.
Sputnik Кыргызстан агенттиги ордо калаадагы эстетикалык-медициналык клиниканын негиздөөчүсү Айнура Сагынбаевадан аялдар үчүн маанилүү жана керектүү суроолорго жооп алып, маек курду.
— Клиникаңар эмнеге эстетикалык-медициналык клиника деп аталат?
— Бизде сулуулукка байланыштуу процедуралардын баары, операциялар жасалат. Алсак, дермокосметология. Мында теринин ар кандай көйгөйлөрүн чечебиз. Чач (трихология) боюнча адистерибиз Россиядан окуп келген. Пластикалык операциялар жасалат. Пластикалык операция десе эле көбү обу жокторду ойлошот. Бирок мен буга кошулбайм. Андай операцияны ар ким ар кандай себептер менен жасатып калышы ыктымал. Мисалы, кырсыктап мурду сынгандар, жакшы дем ала албай жаткандар келип мурдуна операция жасатып кетишет.
Дене мүчөлөрүнө операция жасаган хирургдарыбыз бар. Клиникага таптакыр төшү жок, төшү өспөгөн кыздар келип төш салдырып кеткен учурлар болгон. Ал кыздарды көргөндө эркек го деп эле ойлойсуң.
Эстетикалык гинекология жана сексопатология боюнча адистер бар. Гинекологдорго эрозиям бар же төрөй албай жатам деп келишпейт. Жыныстык жашоом жакшы болбой жатат деген көйгөй менен кайрылышат.
— Аны кандай жол менен чечесиңер?
— Төшөк маселеси бактылуулугубуздун 90 пайызын чечерин көбүбүз билебиз, түшүнөбүз. Бул үй-бүлө атмосферасын кармап турууда абдан маанилүү. Ошол себептен аялдар күйөөсүнө ошол жаатта жагуу үчүн кайрылышат. Мисалы, гинекологдорубуз кынды кичирейтип, дайыма эле кургак болуп жаткан аялдын көйгөйүн чечет.
Кынды кичирейтүүнүн түрлөрү көп. Эгер аял "дагы төрөйм, бирок жолдошум ыраазы болбой жатат" десе анда жип менен өйдө көтөрүп коюшат. Эгерде "болду төрөбөйм же операция менен эле көз жарам" дей турганы болсо, анда өздөрүнүн уруксаты менен операция кылып, жатынды көтөрүп, кынды кичирейтишет.
Мындан сырткары, кадимки бетке жасалгандай аялдардын жынысына да жашарткан процедуралар жасалат. Андан кийин ал органдарда кан жүгүрүү жакшырып, чымыр болуп калат.
— Мындай операциялардан кийин күйөөсү менен болгон мамилеси жакшырып же бекемделген учурлар болобу?
— Болот. Себеби, биринчиден, сексуалдык сезимдери бөлөкчө болуп өзгөрөт. Эң башкысы — аялдардын өзүнө болгон ишеними жогорулайт.
— Жакында "кыздык" белги кыздарга эмне себептен керек экенин айткан видеоңузду жарыялап, ал тууралуу соцтармакка билдирүү калтырдыңыз эле. Колдонуучулардын реакциясы кандай болду?
— Аны ар ким ар кандай кабыл алды окшойт. Айрым ЖМКлар кыздардын укугун тебеледиңер дегенге чейин барышты. Бирок мен ал жерде бирөөнү "ушундай кылышыңар керек" деп мажбурлаган жокмун. Болгону бир жагынан эне, бир жагынан медик катары айттым. Дагы эле ошол оюман кайтпайм. 16-17 жашында көп кыздардын жыныстык мамиле тууралуу маалыматы аз болот. Соцтармакта отургандары менен ал тууралуу көп билбейт, ден соолукка тийгизген таасирине кызыгышпайт. Кыздык белги аялды көп нерседен коргоп турат. Бирок бул белги алынгандан кийин ал жер ачылат, сезгенүү болот, оорулары көбөйөт. Бир аз жеңил кийинсе эле суук тиет. Айрымдары сактанганды билбей боюна бүтүп калып жатат. Андан кийин аборт жасалып, аялдар кийин төрөй албай калышууда. Ошол себептен бул белгинин мааниси тууралуу айткам.
Дагы бир жолу эч кимге оюмду таңуулабайм, моралдык басым жасабаганымды айтып кетейин. Болгону биз улуттун келечегин бузбай турчу нерселерибизди сактап калышыбыз керек.
— Соцтармакка аялдарга мотивация бере тургандай билдирүүлөрдү да байма-бай жазып турасыз.
— Адам канчалык көп киши менен иштешсе, көп жерге барса аң-сезими, дүйнө таанымы, жашоого болгон көз карашы да өсүп, өзгөрөт экен. Меники да өзгөрдү, өстү. Айрым учурда жөн гана ой толгоом менен соцтармак аркылуу бөлүшкүм келет. Аны жазгандан кийин окурмандарга жагып, жакшы пикирлерди калтырышат.
Бирок биз канчалык мотивация берген менен өзгөрүүгө ар бир адам, ар бир аял өзү бышылып жетилиши керек экен. Өзү жетилмейинче 10 коуч, 10 тренердин сабагы да жардам бербейт.
— Жеке жашооңузду көп жарыялабайсыз. Өзүңүз тууралуу да айтып бериңизчи. Клиниканы кантип ачып калдыңыз эле?
— Өзгөчөлүгүм жок. Кыргыздын аялдары тарткан түйшүктү мен деле тартып келе жатам. Жолдошум, үч балам бар. Күйөөм экөөбүздүн ортобуздагы мамиле бирде өйдө, бирде ылдый дегендей.
Кайра өз алдынча иштегим келип Ош базарынан бир кабинет ачып, ал жактан дерматолог, косметолог катары эмгектенип жүрүп акырындап кеңейтип, клиникага жеткирдим. Адистердин медициналык билимине абдан басым жасачумун. Кийин көбү өз алдынча бөлүнүп кетип клиника ачышты. Биздин жай аларга стартап болду десем болот.
Азыр Ошто дагы ушул сыяктуу клиника ачтык. Ал жакка жалгыз жетишпей жаткандыктан, апам менен иним жардам берүүдө.
— Жаз келди. Аялдар ажарлуу болуп, бетине туура кам көрүүдө эмнелерди эске алышы керек? Косметолог катары кеңешиңиз.
— Бир крем менен эле сулуу болуп калам деп ойлобогула деп айтат элем. Бетке дайыма кам көрүп туруу шарт. Мисалы, күндө жатарда бетти таза жууп, бет май сүйкөп жатуу зарыл. Эртең менен көчөгө күндөн коргой турган бет майды коймоюн чыкпагыла! Болду, ушул эң эле жөнөкөй нерселерди жасап турууну адатка айлантып алыш керек.
Ал эми 30 жаштан кийин ар дайым сулуу болгуңуз келсе, анда да бир эле крем жардам берип, жаштыкты сактап кала албайт. Азыр идеалдуу образдар бар. Ошолордой болгусу келгендер косметологиялык процедураларды сөзсүз колдонушу шарт.
Өзүнө кам көрүү, туура тамактануу туруктуу болбосо эч натыйжа бербейт. Айрымдары косметологиялык процедурага бир келет дагы ошол бойдон бардык жүктү дарыгерге жүктөп, өзү аракет кылбай коёт, жалкоолор бар. Алар бир барсам эле суйкайып чыгып калам деп ойлошот. Бирок айрым процедуралар комплекстүү дарылоону талап кылат. Ошол себептен аялдарга бир нерсеге киришкенден кийин аягына чейин чыккыла деп айтам.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 11-12-март күндөрү Өзбекстанга барат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек билдирди.
Сапардын статусу жана аны кимдер коштоп барары азырынча белгисиз.
Бул Жапаровдун чет мамлекетке үчүнчү сапары болмокчу. Буга чейин ал Россия менен Казакстанга барган. 27-февралда мамлекет башчы Өзбекстандын тышкы иштер министрин кабыл алган.
БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башчысы Тедрос Адан Гебрейесус коронавирус пандемиясын согуштук иш-аракеттер менен салыштырды. Бул тууралуу The Guardian басылмасына таянып "Известия" жазды.
Гебрейесус ооруну жеңүү үчүн коронавируска каршы вакцина өндүрүүдө мамлекет башчылары биригиши зарыл экенине токтолгон.
"Пандемиядан улам дээрлик мамлекеттердин баары чек арасын жабууга аргасыз болуп, ал кичи жана ири бизнеске терс таасирин тийгизди. Ошол себептен биз согуш жүрүп жаткандай эмне керек экенин так билишибиз шарт", — деген ДССУнун башчысы.Тедрос Аданом Гебрейесус адамзат азыркы тапта тарыхтагы эң оор күндөрдү баштан кечирип жатканын белгилеген. Мындан улам ал препараттарды муктаж болгондор менен бөлүшүп, технологияларды берүүгө даяр болуу зарылдыгын айткан.
Буга чейин ДССУнун Европа аймактык бюросунун башчысы Ханс Клюге коронавирус пандемиясы кийинки жылдын башында аякташы мүмкүн деп божомолдогон.