Жуктургандар кыйла аз. Кыргызстандагы COVID боюнча статистика

© AP Photo / Jorge SaenzСитуация в Парагвае из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Парагвае из-за пандемии коронавируса  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда ооруканаларда коронавирус менен ооруган 507 бейтап, үй шартында 1 903 адам дарыланып жатканы айтылды.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызстанда бир суткада 101 адам коронавирустан айыгып чыкты, ошол эле маалда 47 киши илдет жуктуруп алганы аныкталды. Бул туурасында Республикалык штабдан билдиришти.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайгандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек – 54;
  • Чүй облусу – 11;
  • Ош облусу – 3;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 2;
  • Жалал-Абад облусу – 11;
  • Баткен облусу – 19.

Айыккандардын жалпы саны 41 023 адамды түздү.

ДССУ акыркы суткада COVID жуктургандардын рекорддук көрсөткүчүн каттады

Катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек - 8;
  • Ош - 2;
  • Чүй облусу – 2;
  • Ош облусу - 2;
  • Нарын облусу - 1;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 10;
  • Баткен облусу - 14.

Пандемия башталгандан бери өлкөдө 44 928 жаран COVID-19 жуктуруп алды.

Бишкекте COVID менен ооругандарды эми бир эле оорукана кабыл алат. Себеби

Бактыга жараша, каза болгондор катталган жок. Жалпы статистика боюнча, пандемиянын кесепетинен 1 063 кыргызстандык кайтыш болду.

Учурда стационарларда коронавирус менен ооруган 507 бейтап жатат, үй шартында 1 903 адам дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0