Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт

Жазылуу
Өкмөттүн билдиришине караганда, пенсия орточо 397 сомго жогорулап, пенсиянын орточо суммасы 6 061 сомду түзүп калат.

БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын көлөмү жогорулайт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 4 286,7 сомдон ашпаган пенсиялар эң аз дегенде 300 сомго, ал эми өлчөмү 4 286,7 сомду түзгөн жана андан ашкан акчага 360 сомдон кем эмес кошулат.

Өкмөттүн билдиришинче, пенсияларды кайра эсептөөнүн жыйынтыгы боюнча орточо 397 сомго жогорулап, пенсиянын орточо суммасы 6 061 сомду түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0