Коронавируска айдоочунун анализин алуу. Архивдик сүрөт

Жугузгандар Ош менен Баткенде көп. COVID боюнча жаңы статистика

285
(жаңыланган 10:45 23.09.2020)
Акыркы күндөрү өлкөнүн түштүгүндө коронавирусту жаңы жугузуп алгандардын саны азайбай келет. Бүгүн Баткен облусунда 29 киши жуктурса, Ош облусунда 24 киши вируска кабылды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясынан 108 бейтап айыгып чыкты, ошол эле учурда 88 киши жуктурду. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19дан сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда):

  • Бишкек шаары – 10;
  • Ош шаары – 11;
  • Чүй облусу – 10;
  • Ош облусу – 31;
  • Нарын облусу – 2;
  • Талас облусу – 4;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 12;
  • Баткен облусу – 15.

Ал эми илдетти илештиргендер төмөнкү аймактарда болду:

  • Бишкек – 9;
  • Ош – 1;
  • Чүй облусу – 8;
  • Ош облусу – 24;
  • Талас облусу – 3;
  • Нарын облусу – 1;
  • Ысык-Көл облусу – 5;
  • Жалал-Абад облусу – 8;
  • Баткен облусу – 29.

Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгарып, ДССУда талапкер болуп катталды

Ошондой эле стационарларда 539 бейтап медициналык жардам алып жатат. Ал эми 1677 киши үйүнөн дарыланууда.

Кыргызстанда жалпысынан жугуштуу илдет 45 630 адамдан табылып, анын 41 904ү айыкты.

Бактыга жараша, өткөн суткада дагы каза болгондор катталган жок. Ал эми жалпысынан пандемия башталгандан бери коронавирус жуктуруп алып көз жумгандардын саны 1 063кө жетти.

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат

Өлкө боюнча беш медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталса, төрт медик сакайды. Үй карантининен 23 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 3208 учур катталды, алардын ичинен 2874 медкызматкер айыгып чыкты.

285
Белгилер:
статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1376)
Тема боюнча
Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгарып, ДССУда талапкер болуп катталды
Чыналиева: эми деле адамдар коронавируска массалык түрдө чалдыгышы мүмкүн
Индия коронавирустун геномун аныктаган алгачкы тестти иштеп чыкты
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев. Архив

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады

227
(жаңыланган 00:23 26.10.2020)
Министрдин айтымында, ведомство Советтер Союзунан бери өзгөрбөгөндөй сезим калтырган. Анда керек болсо жылуулук жок экенин белгилеген.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Айыл чарба министрлигинде жаңыланууну талап кылган нерселер көп экен. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып билдирди. 

Ал кыска мөөнөттүн ичинде өзгөртүүлөрдү жасап, анда иштеп жаткан адистерге жакшыраак шарт түзүп берүүгө аракет жасай турганын белгиледи.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

“Башка министрликтерге салыштырмалуу бул жактын айлыгы аз экен. Жакшы адистерге жакшы маяна төлөп бергидей кылышыбыз керек. Иштөө шарттары дагы начарыраак экен, мисалы жылуулук жок, суук. Ушунун баарын акырындык менен ордуна алып келебиз. Документтердин бардыгы кагаз түрүндө экен. Аны электрондук форматка өткөрүү зарыл”, - деди министр.

Токтогазиев кагаздар электрондук форматка өтсө ички процесстер, дыйкандарга кызмат көрсөтүүлөр батыраак жүрөрүн кошумчалады. Ал ошондой эле министрликте 888 киши иштей турганын, жалпы ведомство текшерилсин деген буйрук чыгарганын белгиледи.

“Азыр биз аудит баштадык. Жалпы министрлик текшерилсин деп Эсептөө палатасына кат менен кайрылдык. Бүт агенттиктер менен департаменттер текшерилет. Функционалдык анализ жүргүзүлүп, кайсы позициялар керек, кайсылары кереги жок экени аныкталат. Себеби бири-бирин кайталап калган штаттар болушу мүмкүн. Аларды кыскартууга туура келет”, - деди Токтогазиев.

Эң жаш министр алдыда чоң реформаларды жасоо ниети бар экенин кошумчалады.

227
Белгилер:
реформа, көйгөй, Тилек Токтогазиев, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Тема боюнча
Тилек Токтогазиев жыйын өткөрүп, министрликтеги ишин эмнеден баштаарын айтты
Колунда күйүп турган ширеңке менен киши. Архив

Вандалдар Бишкектин чок ортосундагы скульптураны өрттөп кетишти. Видео

309
(жаңыланган 23:13 25.10.2020)
Скульптура 2018-жылдан бери турган. Кээде анын лагын жаңыртуу үчүн атайын кызматтар алып кетип турушкан.

БИШКЕК, 25-окт. – Sputnik. Бишкектин Эркиндик проспектиндеги жыгачтан жасалган павлиндин скульптурасын вандалдар өрттөп кетишти. Бул тууралуу “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиева Facebook баракчасына жазды.

“Акыркы кезде вандалдар тууралуу бат-баттан жазып калганым абдан өкүнүчтүү. Павлиндин скульптурасы 2018-жылдан бери турган. Кээде анын лагын жаңыртуу үчүн алып кетип турчубуз. Эми аны вандалдар өрттөп салыптыр. Эмнеге мындай кадамга барышканы белгисиз”, - деди Айдаралиева.

Анын айтымында, видео төрт күн мурда тартылган.

309
Белгилер:
өрт, вандализм, скульптура, Бишкек
Тема боюнча
Дарыканадан акча уурдай качып, кайра кайтарып камалган жигиттин маеги