Жалал-Абад менен Баткенде көбөйдү. COVID боюнча соңку статистика

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүМашины скорой помощи у больницы в Коммунарке
Машины скорой помощи у больницы в Коммунарке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырк алты миң кишинин дээрлик жарымынан көбү айыгып чыккан. Тилекке каршы, миңден ашуун киши өмүрү менен кош айтышты.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргызстанда бир сутка ичинде 155 киши коронавирустан айыкса, кайра 158и жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Аймактарда коронавирус көп катталууда. Себебин жергиликтүү дарыгерлер түшүндүрдү

Акыркы суткада COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда) төмөнкү жактарда катталды:

  • Бишкек — 38;
  • Ош шаары — 4;
  • Чүй облусу — 7;
  • Ош облусу — 37;
  • Талас облусу — 1;
  • Нарын облусу — 5;
  • Ысык-Көл облусу — 21;
  • Жалал-Абад облусу — 21;
  • Баткен облусу — 21.

Ал эми коронавирус жана ал козгогон пневмония бул аймактарда катталды:

  • Бишкек — 22;
  • Ош — 9;
  • Чүй облусу — 12;
  • Ош облусу — 22;
  • Талас облусу — 2;
  • Нарын облусу — 3;
  • Ысык-Көл облусу — 11;
  • Жалал-Абад облусу — 34;
  • Баткен облусу — 43.

Жалпысынан Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 46 090го жетти. Анын ичинен 42 302си айыгып, тилекке каршы, 1 063ү өтүп кетти.

Учурда стационарда 658 бейтап, амбулатордук дарыланууда 1619 киши дарыланууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0