Жуктургандар азайчудай эмес. COVID боюнча соңку статистика

© REUTERS / ERIC GAILLARDСитуация во Франции на фоне пандемии COVID-19
Ситуация во Франции на фоне пандемии COVID-19  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн дагы сакайгандарга караганда жуктуруп алгандардын саны көбүрөөк. Вирус илештиргендердин басымдуу бөлүгү мурдагыдай эле Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарында.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 142 бейтап айыкса, 167 кишиден вирус табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 26;
  • Ош шаары – 19;
  • Чүй облусу – 7;
  • Ош облусу – 26;
  • Нарын облусу – 3;
  • Талас облусу – 10;
  • Ысык-Көл облусу – 14;
  • Жалал-Абад облусу – 17;
  • Баткен облусу – 20.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 9:
  • Ош шаары – 5;
  • Чүй облусу – 15;
  • Ош облусу – 38;
  • Талас облусу – 1;
  • Нарын облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 11;
  • Жалал-Абад облусу – 31;
  • Баткен облусу – 55.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын жалпы саны 46 522ге жетти. Анын ичинен 42 761и ооруну жеңди. Ал эми каза болгондордун саны башынан бери 1 064тү түздү.

COVID-19дан каза болгондордун саны миллиондон ашты

Азыркы учурда стационарда 761 бейтап коронавирустан дарыланып жатса, 1 484 киши медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда.

Бир сутка ичинде эки медик коронавирус жуктуруп алган. Ошол эле учурда 16 медик ооруну жеңип, үйлөрүнө чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0