Жаан жаайт. Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүОсень в Новосибирске
Осень в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
30-сентябрга караган түнү республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. 30-сентябрь, шаршемби күнү, кээ бир аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоолуу райондордо кар түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым райондордо 15-20 метрге жетет.

Баткен облусунда күздүк эгин себүү башталды

Абанын температурасы Чүй, Нарын өрөөндөрүндө +13...+18, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +15...+20 градус, Ысык-Көлдө +12...+17, Талас жергесинде +11...16 градус жылуу болот.

Ош, Бишкек шаарларында да мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы борбор калаада +16...+18, Ошто +18...+20 градус жылуу болору айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0