Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековАла-Арча жаратылыш паркы. Архив
Ала-Арча жаратылыш паркы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жамгыр, бийик тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү, 5-октябрда, күндүз Ысык-Көл менен Нарын облусунун айрым райондорунда жамгыр жаап, тоолуу жерлерине кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кар жаап, күн сууктайт. Алдыдагы аптага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас өрөөнүндө +15...+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Нарында +13...+18 жана Ысык-Көл аймагында +12...+17 градус болору айтылды.

Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +19...+21 жана Ош шаарында +23...+25 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0