Медик кызматкери коронавируска кабылган бейтапка жардам көрсөтүүдө. Архивдик сүрөт

Бишкекте ооругандар көбөйүүдө. Коронавирус боюнча статистика

210
(жаңыланган 11:57 12.10.2020)
Республикалык штаб Кыргызстанда коронавирустук инфекциянын жаңы учурлары көбөйүп өлүм күн сайын катталып жатканын эске салып, жарандарды санитардык эрежелерди сактоого чакырат.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө коронавирусту 127 бейтап жеңип, оору 298 кишиден аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Айыккандар:

  • Бишкек шаары – 20;
  • Ош шаары – 16;
  • Чүй облусу – 7;
  • Ош облусу – 23;
  • Жалал-Абад облусу – 20;
  • Баткен облусу – 41.

Жуктургандар:

  • Бишкек – 59;
  • Ош – 33;
  • Чүй облусу – 13;
  • Ош облусу – 51;
  • Талас облусу – 3;
  • Ысык-Көл облусу – 13;
  • Жалал-Абад облусу – 40;
  • Баткен облусу – 86.

Ушуну менен өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 49 528ге жетти. Анын ичинен 44 522 бейтап ооруну жеңсе, илдеттен 1 090 адам көз жумду.

Коронавирустун акчада, смартфондо канча сакталып турары айтылды

Азыркы тапта 1 737 бейтап стационарда, ал эми 1 725 адамдын амбулатордук шартта дарыланып жатканы маалым болду.

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 22 медицина кызматкеринин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Ал эми ооруканадан бир, үй карантининен үч медкызматкер чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медиктердин арасында 3 437 учур катталды, алардын ичинен 3 089у айыгып чыкты.

210
Белгилер:
дарыгер, статистика, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1371)
Тема боюнча
Азайбай жатат. Коронавирустан соңку суткада 5 киши көз жумду
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду

26
(жаңыланган 23:37 22.10.2020)
Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

Бирок шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

26
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, мыйзам, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Жапаров премьерге кеңешчи болгонун айтса, Бакиров какшыктап күлкүгө салды. Видео

201
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөт башчыга кеңешчи болгонун уккан вице-спикер Мирлан Бакиров аны какшыктап, депутаттарды күлкүгө салды.

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгелеген депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун тааныштырып жатып, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кеңешчи болгонун айтты.

Андан соң Мирлан Бакиров аны бул кызматка барышы менен куттуктады.

Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту

Буга Жапаров коомдук башталыштагы кеңешчи экенин, ал жактан акча албай турганын белгиледи.

Бакиров андан ары сөзүн улап, ал мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге дагы кеңешчи болгонун эскертти.

“Абылгазиев менин кеңешимди укканда отставкага кетмек эмес жана президент үч жылда ыйгарым укуктарын тапшырмак эмес. Азыркы премьер угам деп жатат, ошол үчүн бардым”, — деп жооп кайтарды Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамы кабыл алынды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

201
Белгилер:
күлкү, депутат, Акылбек Жапаров, Мирлан Бакиров
Тема боюнча
Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен
Тилинен көп жаңылган "элита". Азыркы депутаттарды унуттурбай турган 10 факты
"Тукумдан кыр издебегиле". Бакиров кызыл чеке болгон депутаттарды күлкүгө салды