Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шаршембиге караган түнү Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын болбойт.

БИШКЕК, 13-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү, 14-октябрда, өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрден Ысык-Көлдө 4-9 метрге жетет.

Жаан-чачын аз болот. Бир жумага аба ырайы

Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +17...+22, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +11...+16 градусту көрсөтөт.

Күндүн табы Бишкекте +18...+20 жана Ош калаасында +19...+21 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0