Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Акылбек БатырбековБишкек шаарындагы эмен багы. Архив
Бишкек шаарындагы эмен багы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер жумага караган түнү жаан-чачын күтүлбөй турганын маалымдашты. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 15-окт. — Sputnik. Жума күнү, 16-октябрда, өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18...+23, Талас аймагында +17...+22, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +19...+24, ал эми Ысык-Көл, Нарын жергесинде +13...+18 градус жылыйт.

Күндүн табы борбор калаа Бишкекте +21...+23 жана Ош шаарында +22...+24 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0