Жаан жаабайбы? Дем алышка карата аба ырайы

© AFP / SPENCER PLATTЖамгыр учурунда көчөдө бараткан кыз. Архив
Жамгыр учурунда көчөдө бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул аптанын акыркы эки күнүндө дээрлик бардык облустарда аба ырайы жылуу болуп, жаан жаабай турганы айтылды.

БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Ага ылайык, бул аптанын соңунда күн жылуу болот.

Чүй менен Таласта ишемби, жекшемби күндөрү жаан жаабайт. Абанын температурасы 23 градуска чейин көтөрүлөрү айтылды.
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында дагы күндүн көзү бузулбай турганы белгилүү болду. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши мүмкүн.

Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болуп, абанын температурасы 18...19 градуска чейин жылыйт.

Бишкекте да күн ачык болуп, жамгыр жаабайт. Абанын температурасы 21...23 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0