Бакта сейилдеп жүргөн аял. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

177
Жекшембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Жекшемби күнү, 17-октябрда, өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +19...+24, Талас аймагында +16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көлдө +13...+18, ал эми Нарын жергесинде +14...+19 градус болору болжолдонду.

Термометр Бишкекте жана Ош калаасында +22...+24 градусту көрсөтөт.

177
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы
Киши автоунааны айдап бара жатат. Архив

Бишкекте айдоочу милицияга ойдон чыгарылган комитеттин документин көрсөткөн. Сүрөт

12
(жаңыланган 17:18 25.10.2020)
Кайгуул кызматынын милиционерлери Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Документтерди текшерүү учурунда 27 жаштагы киши өзүн кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштей турганын айтып, күбөлүгүн көрсөткөн.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Өзүн кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.

  • Поддельное удостоверение, которое водитель предъявил сотрудникам милиции. 25 октября 2020 года
    Өзүн "кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм" деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
  • Водитель предъявивший патрульным милиционерам поддельное удостоверение при остановке его машины в Бишкеке. 25 октября 2020 года
    Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон
    © Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
1 / 2
© Фото / пресс-служба УПСМ Бишкека
Өзүн "кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштейм" деп тааныштырган айдоочу жасалма документ менен кармалды

Билдирмеге ылайык, окуя 25-октябрга караган түнү болжол менен саат 01:40тар чамасында Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде болгон.

"Кайгуул кызматынын милиционерлери Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан. Айдоочунун документтерин текшерүү учурунда 27 жаштагы киши кылмыштуулук жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде иштей турганын айтып, күбөлүгүн көрсөткөн. Анын автоунааны мас абалында башкарып бара жатканы да аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Териштире келгенде КРде андай комитет жок экени маалым болгон.

Аталган факты Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 359-беренеси ("Жасалма документ") боюнча иш козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Иши жеңилдеди. Патрулдук милиция айдоочуларды эми планшет менен текшерет

Ал эми автоунаа убактылуу токтотуучу жайга киргизилген. Айдоочунун жасалма документ боюнча иши Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына өткөрүп берилди.

12
Белгилер:
Жол кайгуул кызматы, милиция, айдоочу, документ, жасалма
Тема боюнча
Портер талкаланып, айдоочусу жабыркаган. Оштогу үрөй учурган кырсыктын видеосу
Кара-Суу: унаадан чыккан өрт эки кичинекей баланын өмүрүн алды
Ак үй. Архив

Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет

358
(жаңыланган 16:45 25.10.2020)
Буга чейин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Садыр Жапаров Telegram каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 450 миллион сом — бул парламенттик шайлоого жумшалган каражат.

"450 миллион сом Ак үйдү оңдоого кетчү чыгым экен деп адашып айтып жатышат. Имаратты ремонттоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыктым. 10 миллион сомго жетпеген каражат керектелет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт", — деп жазды Жапаров.

Эске салсак, буга чейин парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү, премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

358
Белгилер:
ремонт, Акылбек Жапаров, Ак үй, Садыр Жапаров
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар
Тема боюнча
Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 450 млн. сом керек