Күн кайра жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЭмен багында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив
Эмен багында сейилдеп жүргөн адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жуманын аягында өлкөдө абанын температурасы төмөндөп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, бул жумада борбор калаада күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. 22-октябрда күндүз шамалдын багыты батыш тарапка өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетип турат.

Чүй, Талас облустары

Дүйшөмбүдөн шаршембиге чейин эки дубанда тең күн ачык болот. Ал эми бейшемби күнү кээ бир райондордо жаан, тоолорго кар жаашы ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

19-21-октябрь күндөрү өлкөнүн түштүк региондорунда аба ырайы өзгөрүүсүз сакталып турат. Бирок 22-октябрда Жалал-Абаддын кээ бир райондорунда жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Калган аймактарда күндүн көзү бузулбайт.

Ысык-Көл облусу

Дүйшөмбүдөн бейшембиге чейин жаан-чачын күтүлбөйт. Бейшембиде күндүз батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.

Нарын облусу

Теңир-Тоодо апта ичинде абанын температурасы өзгөрүлбөйт жана жаан-чачын күтүлбөйт.

23-24-октябрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы өзгөрүлүп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0