52 миңден ашты. Коронавирус боюнча соңку статистика

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүСитуация с коронавирусом в городах России
Ситуация с коронавирусом в городах России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы жумаларда жугуштуу оору түштүк жергесинде жана Бишкек шаарында көбөйүүдө. Бийлик өкүлдөрү илдеттин алдын алууну эскертип келет.

БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Өлкөдө акыркы суткада 554 киши ооруну жуктуруп алды, ал эми 227 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 88;
  • Ош — 38;
  • Чүй облусу — 46;
  • Ош облусу — 105;
  • Талас облусу — 12;
  • Нарын облусу — 6;
  • Ысык-Көл облусу — 26;
  • Жалал-Абад облусу — 143;
  • Баткен облусу — 90.

COVID-19дан улам Ош облусунун аймагына кирип-чыгууга чектөө коюлду

COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:

  • Бишкек — 20;
  • Ош шаары — 18;
  • Чүй облусу — 18;
  • Ош облусу — 79;
  • Нарын облусу — 4;
  • Талас облусу — 7;
  • Ысык-Көл облусу — 9;
  • Жалал-Абад облусу — 46;
  • Баткен облусу — 26.

Ушуну менен вирус жуктургандардын саны 52 044кө жетти. Анын 45 736сы оорудан сакайды. Кечээтен бери үч киши каза таап, өлгөндөрдүн жалпы саны 1 111ге жетти

Ошондой эле стационарда 2 489 бейтап дарыланса, 2 232 киши амбулатордук түрдө жардам алууда.

Мындан тышкары, бир сутка ичинде беш медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган. Ал эми стационардан төрт, үй карантининен сегиз медик чыгарылган.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ак халатчандар арасында 3 534 учур катталып, алардын 3 157си ооруну жеңди.

Жаңылыктар түрмөгү
0