Улуттук кийим кийип сүрөткө түшүп аткан айымдар. Архивдик сүрөт

Кыргызстандыктар ноябрда төрт күн катары менен эс алат

465
(жаңыланган 18:39 19.10.2020)
Майрам 2017-жылы президенттин жарлыгы менен бекитилген. Документте 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары жарыяланган.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. 2019-жылдын аягында кабыл алынган токтомго ылайык, ноябрь айында кыргызстандыктар төрт күн катары менен эс алат.

Ош шаарынын 3020 жылдыгы кандай өттү. Сүрөттөр

Документте 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленген. Майрам ишемби жана жекшемби күндөргө туура келип калгандыктан дем алыш дүйшөмбү жана шейшембиге жылдырылат.

Майрам 2017-жылы президенттин жарлыгы менен бекитилген. Мындан сырткары, 7-ноябрда Кыргызстандын ЖМКлары Маалымат жана басма сөз күнүн белгилешет.

465
Белгилер:
эс алуу күнү, майрам, Кыргызстан
Тема боюнча
Иманалиев: COVID-19дан улам быйылкы эс алуу тартиби бир топ өзгөрөт

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

189
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

189
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Шайлоо участогундагы электрондук урна. Архив

КП парламенттик шайлоонун узартылышы боюнча өз чечимин түшүндүрдү

22
(жаңыланган 23:21 02.12.2020)
КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды. Жыйынга Карыбек Дүйшеев төрагалык кылып, палатанын калган жети мүчөсү да катышты.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку соттун Конституциялык палатасы (КП) парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн узартылышын эмне үчүн мыйзамдуу деп тапканын түшүндүрдү.

КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды. Жыйынга Карыбек Дүйшеев төрагалык кылып, палатанын калган жети мүчөсү да катышты.

Маалыматка караганда, мамлекет кандайдыр бир өзгөчө абалга кабылбайт деп кепилдик берүү мүмкүн эмес. Андыктан мындай кырдаал жаралганда айрым мыйзамдарды шашылыш түрдө кабыл алып, пайдаланса болот.

“Өлкөнүн ошол кезде масштабдуу социалдык-саясий кризисте турганын тана албайбыз. Ошол себептүү Жогорку Кеңештин өзгөчө абал учурунда шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга жана башка маанилүү чечимдерди кабыл алууга укугу бар болчу”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңеш саясий кризистен, социалдык чыңалуудан чыгуу үчүн, ошондой эле бийликтин ишинин эффективдүүлүгүн кармап туруу үчүн ар кандай чечим кабыл алса болору кошумчаланды.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө белгиленген. Аталган мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Азыркы парламенттин беш жылдык мөөнөтү 28-октябрда аяктаган.

Ал эми БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

Буга чейин Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

22
Белгилер:
шайлоо, чечим, Жогорку Кеңеш, Конституциялык палата
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди