Жамгырда кол чатыр кармап бараткан киши. Архивдик сүрөт

Шашылыш билдирүү! Жакынкы күндөрү аба ырайы кескин өзгөрөт

787
(жаңыланган 16:12 21.10.2020)
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Ошондой эле көпчүлүк аймактарда термометрдин көрсөткүчү нөлдөн төмөн түшөт.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы 23-24-октябрь күндөрү өлкөдө жаан жаап, тоолуу райондордо жаан карга айланышы мүмкүн экенин айтып, шашылыш билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, Ысык-Көл жана Нарындын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы күтүлөт. Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан-чачын катуу жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Күн кайра жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3 градустан +2 градус жылуулукка чейин өзгөрүп, түндүгүндө 0…-5 градус суук болот.

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 2…7 градус жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +5…+10 градус, Ысык-Көл ойдуңунда жана тоо этектеринде түнкүсүн -3…-8 градус, күндүз 0…+5 градус жылуу болот.

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…+5 градус болушу күтүлөт.

Мындай аба ырайы жайыттарда малды кармоону, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.

787
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Күн кайра жылыйбы? Бир жумага карата аба ырайы
УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев. Архив

УКМК төрагасынын мурдагы орун басары алтын аткезчилиги боюнча суракка чакырылды

61
(жаңыланган 23:02 27.11.2020)
Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Дүйшөнбек Чоткараев УКМКга алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылды. Бул тууралуу аталган комитеттен билдиришти.

Маалыматка караганда, иштин чоо-жайы тууралуу тергөө амалдарынан кийин айтылат.

Эске салсак, Дүйшөнбек Чоткараев 2016-2018-жылдары УКМКнын төрагасынын орун басары болуп Коррупцияга каршы кызматты жетектеген.

Учурда ал президенттикке талапкерлердин бири Абдил Сегизбаевдин штабын координациялап жатат.

61
Белгилер:
аткезчилик, алтын, Дүйшөнбек Чоткараев, УКМК
Тема боюнча
УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага түштү
УКМК башчысы Матраимовдун өкүл баласын кабыл алды. Видео
Портфель менен киши. Архив

Беш кредитор Кыргызстандын карызын төлөө мөөнөтүн жылдырып берди. Тизме

179
(жаңыланган 23:57 27.11.2020)
Өлкө бийлиги тышкы карызды тейлөө боюнча бир катар мамлекеттер менен мөөнөттү жылдыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы карызын тейлөө мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш мамлекет менен макулдашуулар болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Финансы министрлигинен билдиришти.

"Бүгүнкү күндө нөл пайыздык чен менен карыздарды төлөп берүү мөөнөтүн жылдыруу боюнча беш кредитор менен макулдаштык. Алар: БАЭ, Сауд Аравиясы, Германия (KfW, Euler Hermes) жана Түркия”, — деп айтылат билдирүүдө.

Пролонгация кылынган каражаттын көлөмү 51 миллион долларга жетти. Аны мамлекет төрт жылдын ичинде кутулушу керек.

Дагы алты кредитор, анын ичинен Париж клубунун мүчөлөрү (Франция, Дания, Түштүк Корея, Япония) менен дагы сүйлөшүүлөр уланып жатат.

Эске салсак, Кыргызстандын мамлекеттик карызы 4,8 миллиард доллардан жогору. Анын ичинен дээрлик 4,2 миллиарды тышкы карызга туура келет.

179
Белгилер:
Тышкы карыз, Финансы министрлиги, Кыргызстан
Тема боюнча
КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи
Кытай карыз төлөө мөөнөтүн узартууга макул болуп, кошумча 3 млрд. сом сурады
Министрлик тышкы карызды төлөөнүн жолун айтып, ачылган эсепти жарыялады