Кол чатыр көтөргөн аял. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

170
28-октябрга караган түнү кээ бир өрөөндөрдө жаан жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Шаршемби күнү, 28-октябрда, тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй жана Талас аймагында +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +9...+14, Ысык-Көлдө +7...+12, Нарын жергесинде +6...+11 градус болот.

Абанын температурасы Бишкекте +6...+8 жана Ош шаарында +12...+14 градуска жетет.

170
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы
ЖККУнун  жыйыны. Архив

ЖККУнун коргоо министрлеринин отуруму өттү. Талкууланган маселелер

22
(жаңыланган 19:43 01.12.2020)
Кыргызстандын атынан Генералдык штабдын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев катышты. Отурумдун аягында бир топ документтер кабыл алынды.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бүгүн Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешинин жыйыны өттү. Бул тууралуу Генералдык штабдын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстандын атынан Генералдык штабдын жетекчиси Таалайбек Өмүралиев катышты. Иш-чара Россиянын коргоо министри Сергей Шойгунун төрагалыгы алдында өттү.

Жыйын видеоконференция форматында уюштурулду.

"Иш-чаранын жүрүшүндө ЖККУнун БУУ менен өз ара кызматташуусу, аталган уюмдун алдында тынчтык орнотуучу иштерге катышуу боюнча маселелер талкууланып, пикир алмашуу болду", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, жыйындын соңунда ЖККУнун Жамааттык күчтөрүн материалдык-техникалык жана медициналык жактан биргелешип камсыздоо боюнча бир нече документтер макулдашылган. Буга авиациялык тармактын өнүгүшү жана аны изилдөө маселелери, аскердик кызматташууну өнүктүрүүнүн планын кароо кошулган.

Келерки жылы төрагалык кылуу Тажикстанга өтмөкчү.

22
Белгилер:
кызматташуу, ЖККУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Кооптуулуктун таасири талкууланды. Мусаев ЖККУ жыйынына катышты
Президенттин кеңешчиси Чыңгыз Айдарбеков. Архив

Чыңгыз Айдарбеков президентке кеңешчи болбой калды

124
(жаңыланган 19:14 01.12.2020)
Мурдагы тышкы иштер министри иштен кетүү арызын өзү жазган. Ал бул кызматка бир ай мурдараак, Садыр Жапаровдун тушунда келген болчу.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Чыңгыз Айдарбеков президенттин кеңешчиси кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов кол койгон.

Айдарбеков иштен кетүү арызын өзү жазган.

Кыргызстандын мурдагы тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков президенттин стратегиялык тышкы саясий жана инвестиция маселелери боюнча кеңешчиси болуп 22-октябрда дайындалган. Ал кезде өлкөнү убактылуу Садыр Жапаров башкарып турган.

124
Белгилер:
кызмат, бошотуу, кеңешчи, президент, Чыңгыз Айдарбеков
Тема боюнча
Дастан Дүйшекеев президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнө жетекчи болду