Кызды шыпырылта сөккөн милиционердин кайда иштээри айтылды. Видео

Жазылуу
Бир аз мурдараак интернетке видеонун автору менен тартип коргоо органынын ортосунда кайым айтышуу болуп, формачан адамдын сөгүнүп жаткан учуру тарап кеткен.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Автоунаа ичинде отурган кызды шыпырылта сөгүп жаткан милиционер табылып, ким экендиги аныкталды.

Кадр артынан аял кишинин үнү милиционердин "сөгүнбөй калышын" талап кылгандыгын угууга болот. Ага жооп иретинде ашата сөккөн формачан кызматкер "ташта машинаны" деп жатат. Акыры кыз орган кызматкерине "оорулуу" деп кайрылып, ооруканага көрүнүүгө кеңеш берген.

Ош ШИИБи: сөгүнгөн милиционер боюнча кызматтык иликтөө башталды

Ал эми милиционерди жанына басып келген кесиптештери тынчтандырууга аракет кылып жатканын көрүүгө болот.

Чүй облустук милициясынан чатакташып жаткан адам милициянын старшинасы жана кайгуул-нөөмөт кызматында иштерин айтышты. Маалыматка караганда, ал учурда 26 жашта.

Аталган факты боюнча кызматтык иликтөө башталганы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0