Паркта сейилдеп жүргөн адамдар. Архив

Жекшембиге карата аба ырайы

137
8-ноябрга караган түнү өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 7-ноя. — Sputnik. 8-ноябрь, жекшембиде, өлкө боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21…+26, Ысык-Көлдө +11...+16, Нарын аймагында +12...+17 градус болот.

Борбордо жана Ош шаарында жамгыр жаабайт. Күндүн табы Бишкекте +23…+25 градус, Ош шаарында +24…+26 градуска чейин жетет.

137
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
8-9-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүүдө
Массалык мушташ. Архив

Түндө ЦУМда массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Милициянын видеосу

29
(жаңыланган 22:21 03.12.2020)
Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлүп, бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген. Бирок интернетте андан көп барганы айтылат.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Бүгүн, 3-декабрга караган түнү, Бишкектеги "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жанында массалык мушташ чыгып, 15 киши кармалган. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирди.

"Короче" Telegram-каналында ЦУМдун жанында милициянын тогуз унаасы өтүп бараткан видео жүктөлдү.

Бирок кайгуул кызматынын билдиргенине караганда, окуя болгон жерге үч экипаж гана жөнөтүлгөн.

"3-декабрга караган түнү саат 2:30да 102 кызматына ЦУМдун жанында массалык мушташ тууралуу кабар түшкөн. Жерине кайгуул милициясынын бир экипажы жөнөтүлгөн. Бирок кишинин көптүгүнө байланыштуу дагы экөө жиберилген", — деп айтылат маалыматта.

Мушташ токтотулуп, 15тей адам Свердлов райондук милициясына алып келинген. 

29
Белгилер:
унаа, милиция, мушташ, ЦУМ, Бишкек
Тема боюнча
Ош шаарында милиционер менен тургундар мушташа кетти. Видео
Аял кол чатыр менен бара жатат. Архив

Жума күнүнө карата аба ырайы

61
4-декабрга караган түнү республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. 4-декабрда күндүз өлкөдө суук болуп, жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…+5, Талас жана Нарын өрөөндөрүндө -4…+1, Ысык-Көлдө -1…+4 градусту көрсөтөт.

Ош шаарында кар жааса, Бишкекте күн ачык болот. Күндүн табы борборубузда 0…+2, Ош шаарында +3…+5 градус жылыйт.

 

61
Белгилер:
Кыргызстан, декабрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жыл аяктаарда ызгаар суук болобу? Декабрга карата аба ырайы