Кар. Архив

Кар жаап, күн сууктайт. Бир жумага карата аба ырайы

11664
Синоптиктер бул жума жаанчыл болорун эскертүүдө. Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаап, күндүн табы төмөндөйт.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбүдө күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт. Ал эми шейшемби, шаршемби күндөрү күн ачык болот. Бирок бейшембиде жамгыр жаап, карга айланышы мүмкүн.

Чүй, Талас облустары

9-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 10-11-ноябрда күн ачык болот.

12-ноябрда түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз көпчүлүк аймактарда кар аралаш жаан, тоо этектеринде жана тоолорго кар түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары

9-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде кар жаайт. Ал эми өрөөндөрүндө жана Ош, Баткен облустарында күн ачык болот. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар аралаш жамгыр жаайт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абаддын кээ бир райондорунда жаан жаайт, бирок Ош, Баткен облустарында аба ырайы өзгөрүлбөйт. Ал эми күндүз жана 11-ноябрда күн ачылат.

12-ноябрда түнкүсүн Баткен, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир жерлеринде жамгыр, тоо этектеринде кар жаашы ыктымал. Күндүз кээ бир райондордо катуу жаан жаайт.

Көмүр кымбаттап жатабы? Кара алтындын баасына саресеп

Ысык-Көл, Нарын облустары

9-ноябрда күндүз жана 10-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жамгыр, тоолордо кар жаашы күтүлөт. 10-11-ноябрда күн ачык болот.

Бирок 12-ноябрда күндүн көзү бузулуп, айрым аймактарда жамгыр, тоолуу жерлерде кар жаайт.

13-14-ноябрларга карата аба ырайынын жакындатылган болжолдоосу

Апта аягында аба ырайы өзгөрүп, абанын температурасы төмөндөйт.

13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу жерлерде кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

13-ноябрда күндүз жана 14-ноябрда кээ бир райондордо жамгыр, тоо этектеринде жана тоолордо кар жаайт.

11664
Белгилер:
жамгыр, аймактар, Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Адаттагыдан суук болот. Ноябрга карата аба ырайы
Оруу-Сай деп туура эмес айтылат. Кыргызстандагы капчыгайлардын тарыхы
Мурдагы ЖК депутаты Самат Ибраев. Архив

БШК талапкерлердин бири 30 миң кол чогултпаганын аныктап, жарыштан четтетти

12
(жаңыланган 14:20 04.12.2020)
БШК түндө тийиштүү документтерди 21 талапкер тапшырганын билдирген, анын арасында Ибраев дагы бар эле.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясына кол топтоп, шайлоо күрөөсүн төктү делген президенттикке талапкерлердин бири Самат Ибраев жарыштан четтетилди.

Кечээ, 3-декабарда, саат 23:59да президенттикке аттангандардын 30 миң адамдын колун чогултуп, шайлоо күрөөсүн төгүү мөөнөтү аяктаган. БШК бул документтерди 21 талапкер тапшырганын билдирген. Арасында Ибраев дагы бар эле.

"БШКнын документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобу Самат Ибраев 15 033 кол чогултканын аныктады. Ошондой эле шайлоо күрөөсүн төккөн маалым каты жок болуп чыкты. Буга байланыштуу тапшырган документи талапкердин өкүлүнө кайтарып берилди", — деп айтылат билдирүүдө.

БШКнын жумушчу тобу кол чогултуу барактарын сегиз күндүн аралыгында текшерип бүтүп, 10-декабрга чейин талапкер катары катташы шарт. Президенттик шайлоо кийинки жылдын 10-январына белгиленген.

12
Белгилер:
БШК, документ, шайлоо, Самат Ибраев, талапкер
Тема:
Кыргызстандагы президенттик шайлоо – 2021
Тема боюнча
Дагы алты киши президенттикке талапкерлигин алып салды
Күрөө тапшырып, 30 миңден ашуун кол чогулткан талапкерлер. Тизме
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев

Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

3
(жаңыланган 14:06 04.12.2020)
Саякбай Каралаев атындагы сыйлыктын ээси, манасчы Замир Баялиев манасчылар жыл бою мектепке, университетке барып, бардык чакырган жерден калбай манас айтып, сөз милдетинен кутулуп жатканын айтты.
Баялиев: манасчылар медициналык жактан изилдене баштады

Манасты жайылтуу боюнча иштер чабал жүрүп жатат. Бирок бул багытта иштер башталып, манасчылардын ден соолугу медициналык жактан изилдене баштады. Бул тууралуу Замир Баялиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, эпос илимдин бардык багытында ар тараптуу изилденсе, көптөгөн ачылыштарды жасоого болот.

"Манасты" жайылтууда манасчылардын орду толгус. Аларга манас айтуу боюнча талап коюлбайт. Бул тууралуу өкмөткө же тийиштүү министрликке отчет дагы бербейт. Ошентсе дагы мектепке, университетке, деги эле чакырган жерге калтырбай барып, манас айтып берип сөз милдетинен кутулуп жатышат. Аны эч кимге колко кылган жок. 2013-жылы 4-декабрда "Манас" эпосу ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине катталгандан кийин бул багытта ишти күчөтүү керек эле. Бирок "Манасты" жайылтуу боюнча иштер чабал болуп жатат. Ошентсе дагы учурда бул багыттагы алгачкы кадамдар ташталып, Иса Ахунбаев атындагы медициналык академия тарабынан манасчыларды изилдөө иштери башталды. Мындан тышкары, эпосто кездешкен урма, үйлөмө жана башка музыкалык аспаптарды жасоо колго алынууда", — деди Баялиев.

Манасчы эпосту мамлекеттик деңгээлде даңазалоо 4-декабрь күнү эле жүргүзүлбөстөн, жыл бою ишке ашуусу керектигин кошумчалады.

Белгилей кестек, 2013-жылдын 4-декабрында "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтиги ЮНЕСКОнун "Адамзат маданиятынын материалдык эмес маданий мурастарынын" тизмесине кирген. Ал эми 2015-жылы өкмөттүн токтому менен 4-декабрь —"Манас" эпосунун күнү деп жарыяланган.

3
Белгилер:
Манас, медицина, Манас эпосу, эпос
Тема боюнча
Саякбай манасчы жандай көргөн "Карачологу" менен. Таберик сүрөт