Жаанчыл болот. Алдыдагы беш күндүн аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан аял. Архив
Кол чатыр көтөрүп көчөдө бараткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-ноябрда жана 12-ноябрь күнү түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 16 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы беш күнгө карата аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, 11-ноябрда жана 12-ноябрь күнү түнкүсүн өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болуп, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы 16 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.

12-ноябрдан тарта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ысык-Көл, Нарын аймактарында жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшүшү мүмкүн. Күндүн көзү жети облуста тең 15-ноябрга чейин ачылбай турганы божомолдонду. Ал эми Бишкек шаарында 12-13-ноябрь күндөрү жамгыр жаап, 14-15-ноябрь күндөрү аба ырайы бузулбашы ыктымал. Жекшемби күнү ордо калаага кайра жаан жаашы күтүлүүдө.

Автоунаанын дөңгөлөгүн кышкыга качан алмаштыруу керектиги айтылды

Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгалак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 12-13-ноябрларда жана 15-ноябрда күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0