Түнкүсүн жаан катуу жаап, абанын температурасы кескин төмөндөйт

© Sputnik / Жоомарт УраимовКар учунда көчөдө бараткан адам. Архив
Кар учунда көчөдө бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы  секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. 13-ноябрдан 16-ноябрга чейин айрым жерлерде абанын температурасы түнкүсүн -8...-10 градуска чейин суук болушу ыктымал. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, 13-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.  Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү пайда болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Бишкектеги Чүй проспекти кар жааган учурда - Sputnik Кыргызстан
Аба ырайы бузулат. Инспекторлор айдоочулар менен жөө адамдарга кайрылды
13-16-ноябрларда абанын температурасы төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -3…-8 градус, күндүз 0… -5 градус суук болсо, Таласта түнкүсүн -5…-10 градус, күндүз 0… -5 градуска чейин сууй турганы күтүлүүдө.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн - 4 градус сууктан 1 градуска чейин жылуу болушу ыктымал. Күндүз 0…5 градус жылуу болору айтылды.

Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -1…-6 градус, чыгышында -4…-9 градус суук болот. Күндүз 3 градуска чейин жылышы ыктымал. Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -7…- 12 градус суук болсо, күндүз 3 градус жылуу болушу божомолдонду.

Жаңылыктар түрмөгү
0