Тез жардам кызматкери. Архивдик сүрөт

Кечээтен бери дагы 16 медиктен COVID-19 табылды

39
(жаңыланган 11:51 14.11.2020)
COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында жалпы 3 693 учур катталып, алардын ичинен 3 483ү сакайды.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Бир сутка ичинде 16 медиктин коронавирус илештирип алганы аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, коронавирус жуктурган ак халатчандардын ичинен үчөө Бишкектен болсо, экөө Чүй облусунан катталган. Мындан тышкары, Жалал-Абаддан төрт, Баткенден төрт, Ысык-Көлдөн бир жана Таластан эки медицина кызматкери ооруну илештирип алган.

Бир суткада стационардан алты, үй карантининен төрт медик чыгарылганы кошумчаланды.

Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлеринин арасында 3 693 учур катталды. Алардын ичинен 3 483ү сакайды.

39
Белгилер:
статистика, оору, медик, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2432)
Тема боюнча
Бир суткада 499 кишиден коронавирус табылып, 540 бейтап ооруну жеңди
Коронавирус бир адамдын өмүрүн алды. 129 бейтаптын абалы оор
Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев. Архив

Бөрүбашев: парламентаризмди тандаган күндө да Конституцияны өзгөртүү керек

10
(жаңыланган 16:44 04.12.2020)
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары 10-январда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун карашкан.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Эгер референдумда жарандар парламенттик башкаруу формасына добуш бере турган болсо, азыркы Конституцияны баары бир жаңыртуу керек. Бул тууралуу Конституциялык кеңешменин төрагасы Бекбосун Бөрүбашев маалымат жыйын учурунда билдирди.

"Эл 10-январда "бизге парламенттик башкаруу керек" деген күндө дагы азыркы Конституцияны жаңыртуу зарыл. Бул Баш мыйзамдын көп кемчиликтери бар. Ал кемчиликтерди парламенттик башкаруу формасын колдоп жаткандар да, биз дагы билебиз. Башкаруу формасы боюнча маселе Конституцияда бир нече маселелердин бири гана", — деди Бөрүбашев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары 10-январда президенттик шайлоо менен кошо мамлекеттик түзүлүштү аныктоо үчүн референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун карашкан.

Маалым болгондой, аталган мыйзам долбоорунун автору — Акылбек Жапаров. Эгер ал кабыл алынса, анда кыргызстандыктар президенттик же парламенттик башкарууну тандашат.

Мыйзам долбооруна добуш берүү азырынча боло элек.

10
Белгилер:
президент, парламент, башкаруу, конституция
Тема:
Жаңы Конституциянын долбоору жана референдум
Тема боюнча
"Атаңа, энеңе бар" кылбайлы. Депутат Ормонов референдумду тездетүүгө чакырды
ЖК юристи: референдум өтпөсө депутаттар мөөнөтүн дагы 6 айга узартып алса болот
Эси үйдүн бузуусу. Архив

Бишкектин чок ортосундагы эскилиги жеткен 4 имарат түрттүрүлөт. Тизме

33
(жаңыланган 16:45 04.12.2020)
Экономика министрлиги мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен эски имараттарды жаңылоо пландалып жатканын кабарлады.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Бишкектин чок ортосундагы эски административдик имараттарды бузуп ордуна жаңысын салуу пландалууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинен кабарлашты.

Долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүк принциби менен ишке ашыруу пландалууда. Министрлик кызыкдар болгон жеке курулуш компанияларын иштешүүгө чакырган жарыя тараткан. Азырынча төрт объектини түрттүрүү пландалып жатат. Жаңы имараттар курулуш компанияларынын эсебинен салынып, 30 жылга чейин алардын колдонуусуна берилет. Бул мөөнөт аяктаган соң имарат мамлекеттин балансына өтөт.

Авариялык абалдагы имараттардын тизмеси:

Раззаков, 17 дарегинде имарат 1940-жылы курулган. Аянты — 0,135 гектар. Аймагында эки кабаттуу эки имарат бар. Биринчисинин жалпы аянты 392,5 чарчы метр болсо, экинчисиники 378,1 чарчы метр. Ачык булактагы маалыматтарга караганда, объект бош.

Мэриянын маалыматына караганда, бул жерге көп кабаттуу имарат курууга болбойт. Себеби өрт өчүрүүчү унаалардын өтүүсүнө жол жок болуп калат. Аянтты эске алуу менен ал жерге үч кабаттан ашпаган объект салуу сунушталат.

Гоголь, 94 дарегиндеги имарат дагы бош турат. Ал 1958-жылы курулган. Аянты 0,1392 гектар. Мында бир кабаттуу негизги имарат жана 146,6 чарчы метр жерди ээлеген курулуш бар. Мэрия бул жерге дагы үч кабаттан ашпаган имарат курууга болорун эскертти.

Бөкөнбаев, 182 дарегинде Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын кеңсеси жайгашкан. Имарат 1937-жылы салынган. Жердин аянты 0,2130 гектар. Эки кабаттуу имараттын аянты 890,4 чарчы метр. Ал эми жанындагы курулуштун аянты 148,2 чарчы метр. Мэрия бул жерге тогуз кабаттуу имарат курса болорун болжоп жатат.

Раззаков, 43 дарегинде Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти жайгашкан. Имарат 1950-жылы курулган. Жердин аянты 0,0618 гектар. Ал эми негизги имараттын аянты 516,3 чарчы метр. Жанындагы курулуштуку — 79,5 чарчы метр.

Эгер жеке уюмдарда кандайдыр бир сунуш болсо (0312) 66-47-31 (Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору) же (0312) 66-07-39 (Мамлекеттик имараттар департаменти) номерлери аркылуу байланышка чыкса болот.

33
Белгилер:
түрттүрүү, имарат, Бишкек
Тема боюнча
Жогорку Кеңештин имаратынын өрттөлүп, талкалангандан кийинки көрүнүшү. Видео
Бишкекте мыйзамсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн тизмеси жарыяланды