Токойдогу аба-ырайы. Архивдик сүрөт

Жекшембиге карата аба ырайы

132
Жекшембиге караган түнү көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу өрөөндөрдө кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт.

БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. 15-ноябрь, жекшембиде, күндүз республиканын айрым аймактарында жамгыр, кар жаап, тоо этектеринде жана тоолуу райондоруна кар түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын жергесинде 0...+5, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көл аймагында +2...+7 градус болот.

Бул күнү борборубузда жаан-чачын жаабайт, ал эми Ошто жамгыр, кар жаайт. Термометр Бишкекте +1...+3, Ошто +6...+8 градусту көрсөтүп турат.

132
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Жаанчыл болот. Алдыдагы беш күндүн аба ырайы
Ош шаары. Архив

Эртең менен Ошто жер титиреди

9
Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Бүгүн эртең менен Ош облусунда очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги КРдин Сейсмология институтуна таянуу менен билдирди.

Саат 06:27деги жер силкинүүнүн күчү Ноокат районунун Жайылма айылында, Чоң-Алай районунун Ачык-Суу, Кашка-Суу айылдарында үч баллга жетти.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

9
Белгилер:
ӨКМ, жер титирөө, Ош облусу, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргызстанда катуу жер титиреди
АКШ долларлары. Архив

Тыным албай... Улуттук банк ноябрдан бери долларды тогуз жолу сатыкка чыгарды

12
(жаңыланган 10:40 27.11.2020)
Улуттук банктын алтын-валюта запасы сомдун курсун кармап турууга, ошондой эле валюта базарындагы өзгөрүүлөрдү турукташтырууга мүмкүндүк берет.

БИШКЕК, 27-ноя. — Sputnik. Кечээ, 26-ноябрда, Улуттук банк америкалык валютанын курсун турукташтыруу үчүн 5,8 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында кабарланды.

Ушуну менен чет элдик валюта ноябрь айында тогузунчу ирет сатылды. Интервенция биринчи жолу 12-ноябрда өткөрүлүп, башкы банк 26,8 миллион доллар саткан. 

Ушул жумада каржылык көзөмөлдөөчү орган 24-ноябрдан 26-ноябрга чейин үч күн катары менен валюта сатты.

Натыйжада айдын башынан бери 67 миллион 550 миң доллар сатылды. Соңку аракеттердин аркасы менен сатып алуу үч тыйынга жогорулады.

Эскерте кетсек, 11-ноябрда доллардын наркы 83,94 сомду (сатып алуу) жана 84,33 сомду (сатууну) түзүп, ошол жуманын аягында 84,9га (сатуу) жеткен. Азыр сатуу курсу ушул көрсөткүчтү кармап турат.

Улуттук банктын алтын-валюта запасы (эл аралык валюта запастары) сомдун курсун кармап турууга, ошондой эле валюта базарындагы өзгөрүүлөрдү турукташтырууга мүмкүндүк берет. Резервдин көлөмү дээрлик 3 миллиард сомду түзөт. Бул товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн алдыдагы алты айлык импорту үчүн жетиштүү деп саналат.

12
Белгилер:
сатуу, валюта, курс, Улуттук банк, Кыргызстан
Тема боюнча
Доллар курсу ооздукталбай... Улуттук банк кайра интервенция жасады
КР экономикасын 2021-жылы эмне күтүп турат? ЕАБРдин сценарийи