Кыргызстанда ашыкча салмак менен эркектер көбүрөөк жабыркайт. Статистика

© AFP / LIU JIN Центр для похудения в Пекине
Центр для похудения в Пекине - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук статистика комитети жашы жеткендерден тарта бардык жарандарды салмагы боюнча төрт топко бөлүп караган. Алар: арыктар, салмагы нормадагылар, ашыкча салмагы барлар жана өтө толуктар.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда ашыкча салмак менен аялдарга караганда эркектер көбүрөөк жабыркайт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Ведомство жашы жеткендерден тарта бардык жарандарды салмагы боюнча төрт топко бөлүп караган. Алар: арыктар, салмагы нормадагылар, ашыкча салмагы барлар жана өтө толуктар.

Маалымат төмөнкүчө:

  • арыктар — эркектердин бир пайызы, аялдардын 1,9 пайызы;
  • салмагы нормадагылар — эркектердин 50,1 пайызы, аялдардын 52,7 пайызы;
  • ашыкча салмагы барлар — эркектердин 40,4 пайызы, аялдардын 32,5 пайызы;
  • өтө толуктар — эркектердин 8,5 пайызы, аялдардын 12,7 пайызы.

Бул өткөн жылга карата берилген маалымат.

Жаңылыктар түрмөгү
0