БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда кылмыш кылгандардын басымдуу бөлүгүн 29 жаштан жогорку курактагы жарандар түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Калганы жашы жете электе, тагыраагы, 14-17 жашында мыйзам бузган жаш балдар.
Аял-эркекке бөлүп карай турган болсок, күнөөсү сотто аныкталгандардын 82,5 пайызы эркектер.
Жасалган бардык кылмыштардын жарымынан көбү каракчылык, тоноо жана уурулукка туура келет.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Айыл чарба министрлигинин алдындагы Балык чарба департаменти муз үстүндө балык кармоо боюнча мелдеш өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Чүй-Бишкек балык уулоочулар жана балыкчылар коомдук бирикмеси менен биргеликте уюштурулуп жаткан бул иш-чара 23-январга белгиленген.
"Иш-чара сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу жана Кыргызстанда балык уулоо спортун өнүктүрүү максатында уюштурулууда. Биздин өлкөдө спорттун бул түрүн жигердүү өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөн. Учурда Балык чарба департаменти дарыя сууларында жашоочу осман жана форель балыктарын кармоого уруксат билеттерин берет", — деп билдирген Балык чарба департаментинин директору Эдил Ниязов.
Мелдеш Төмөнкү Ала-Арча каналындагы 3-суу сактагычта өтөт. Каалоочулар команда түзүп катыша алышат. Командада капитанды кошкондо төрт адам болушу керек.
Толук маалымат алуу үчүн 0 (312) 31 86 23, 0 (312) 319046, 0 700 95 69 40 номерлерине кайрылууга болот.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жума күнү эртең менен, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -4...+1, Таласта 0...-5, Ысык-Көл аймагында 0...+5 болсо, Нарын жергесинде -2...-7 градуска жетет.
Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы -1...+1 градуска чейин жетери болжолдонду.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Нутрициолог Марк Гилберт Express басылмасына берген маегинде ден соолукту бекемдеп, узак өмүр сүрүү үчүн туура тамактануу керектигин айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Адистин айтымында, биринчи кезекте калориялуу азыктарды азайтуу керек. Анткени калориясы төмөн тамак рациону картаюуну жайлатып, рак, Альцгеймер жана кант диабети илдеттерин алдын алат.
Нутрициолог организмге D витамини өтө зарыл экенин белгилеп, ал иммунитет менен тыгыз байланышта болоруна токтолгон.
"Жемиштерди көп жегиле. Себеби ал жүрөктүн иштөөсүн жакшыртып, иммунитетти бекемдеп, кан басымын түшүрөт. Жемиштер холестериндин топтолушун да алдын алат", — деген адис.
Нутрициолог кант диабетинин экинчи түрүнө кабылуу тоболкелчилигин азайтуу үчүн көк чайды көп ичүүнү сунуштаган.
Бул эрежелерди бир аз убакыт эле сактаган учурда адамдын ден соолугу бир топ жакшыра турганы айтылды. Ал эми аларды дайыма аткарса, адамдын узак жашоо мүмкүнчүлүгү көбөйөт.