БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Өлкөнүн Улуттук банкы 2020-жылдын 1-декабрынан тартып "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" сериясынын "Кыргыз күрөш" коллекциялык күмүш жана жез-никель монеталарын жүгүртүүгө чыгарат. Бул тууралуу башкы банктын сайтында айтылат.
"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" сериясынын "Кыргыз күрөш" коллекциялык монеталары улуттук спорттун түрүн жандандыруу жана даңазалоо максатында чыгарылып, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган.
Көрүүчүлөрдүн, боз үйлөр менен тоолордун фонунда күрөшүп жаткан балбандар монетанын алдыңкы бетинин негизги сюжетин түзөт. Монетанын жогору жагында Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын логотиби жана "Кыргыз күрөш / Kyrgyz kurosh" жазуусу түшүрүлгөн. Монетанын оң жагында номиналы (10 сом) көрсөтүлгөн. Төмөн жагында улуттук оюулар түшүрүлүп, металлдын сапат белгиси (Ag 925°) жана салмагы (31,10 g) берилген.
Монетанын арткы бетинде күндүн сүрөттөлүшү түрүндөгү оюу-чийменин ичинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына кирген улуттук оюндардын ар кандай түрлөрү чагылдырылган. Ал эми оймо-чийменин ортосунан күрөшүп жаткан балбандардын сүрөтүн көрүүгө болот. Монетанын оң жагында КР герби жайгаштырылып, монетанын чыгарылган жылы (2020) көрсөтүлгөн. Ал эми сол жагында "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары / World nomad games" жазуусу түшүрүлгөн.Ар бир күмүш монета акрил капсуласына жайгаштырылып, сапатты тастыктаган сертификат менен өзүнчө кутучага таңгакталган.
Бардык коллекциялык монеталар Кыргызстандын аймагында расмий төлөм каражаты статусуна ээ.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Германия Кыргызстанга 14,9 миллион евро өлчөмүндөгү карызын кечүүгө даяр. Болгону Кыргызстан ал каражатты ипотекалык кредитке жумшашы керек. Бул тууралуу журналисттерге Финансы министрлигинин Мамлекеттик карыздар башкармалыгынын жетекчиси Руслан Татиков билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы министрлик тышкы карызды жоюп салуу өтүнүчү менен бир нече мамлекетке кайрылган. Бир гана Германия буга макул болду.
"Жалгыз Германия карызды жоюу боюнча макулдугун берди. Документке кол коюла элек, бирок сүйлөшүүлөр болду”, — деди Татиков.
Ал кошумчалагандай, бул каражат эми Мамлекеттик ипотекалык компанияга жумшалат деп күтүлүп жатат.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. УКМК экс-премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди кармады. Бул тууралуу күч органдарынан өздүк булактар билдирди.
Маалыматка караганда, ал мыйзамсыз жол менен байыган деп шектелип жатат. УКМК Абылгазиевди баш коргоо чарасы каралганга чейин эки суткага СИЗОго камакка алганы айтылууда.