БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолу туурасында маалымат берди.
Ага ылайык, борбор калаада дүйшөмбү күнү жана шейшембиде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Шаршемби, бейшемби күндөрү кайрадан күн ачылат.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Чүй, Талас облустары
7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун кээ бир аймактарында, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүйдүн өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.
8-декабрда Чүйдүн көпчүлүк аймактарында, Таластын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт.
9-декабрда Чүйдүн кээ бир райондорунда кар жааса, Таласта күн ачык болот.
10-декабрда түнкүсүн кээ бир жерлерде кар жаап, күндүз күн ачык болору айтылды.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
8 жана 9-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап турат.
9-декабрда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда кар жааса, Баткен облусунда күн ачык болот.
10-декабрда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ысык-Көл облусу
7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы ыктымал.
Ал эми 8-декабрда түнкүсүн кээ бир, күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаайт.
9-декабрда жана 10-декабрда түнкүсүн айрым аймактарда кар жаай турганы белгилүү болду.
10-декабрда күндүн көзү бузулбайт.
Нарын облусу
8-декабрда түнкүсүн айрым, күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы божомолдонуп жатат.
9-декабрда жана 10-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жааса, күндүз жаан-чачын болбойт.
Ал эми 11-12-декабрда Кыргызстанда жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы дээрлик өзгөрүлбөй турганы айтылды.