Баарыныкы биригип 50 млн. сом. Кайсы талапкердин шайлоо фондунда акча көп

Жазылуу
Президенттикке талапкердин шайлоо фондунан үгүт компаниясына эң көп дегенде 200 миллион сом жумшалышы керек.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. БШК президенттикке талапкерлердин шайлоо фондуна түшкөн жана пайдаланылган каражат тууралуу маалымат (11-декабрга карата) берди.

Мыйзамга ылайык, банк же башка мекемелер талапкердин атайын эсебинде турган каражаттын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Аны БШК расмий сайтына жайгаштырууга тийиш.

Эске салсак, кечээ президенттикке талапкер катары расмий түрдө 18 жаран катталды. Бардыгына талапкердин документи ыйгарылды.

Кыргызстанда президенттик шайлоо 10-январда өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0