Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСнег в Новосибирске
Снег в Новосибирске - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбүгө караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. 14-декабрда республика боюнча күн ачык болуп, кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -5...-7, Талас, Нарын жергесинде -3...-8, Ош, Жалал-Абад облустарында -1...+4, Баткен менен Ысык-Көл аймагында -2...+3 градус болот.

Термометр борбор калаабыз Бишкекте -5...-7, Ошто +2...+4 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0