Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүСнегопад в Москве
Снегопад в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
15-декабрга караган түнү республиканын тоолуу аймактарында кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. 15-декабрь, шейшемби күнү, күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -1…+4, Ысык-Көлдө -2…+3, Нарын өрөөнүндө -4…-9 градусту түзөт.

Бишкекте туман түшсө, Ош шаарында кар жаайт. Күндүн табы Бишкекте -6…-8, Ошто 0…+2 градус болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0