Кыргызстанда эң көп айдалган 10 автоунаа. Тизме

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүАвтоунаалар. Архив
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каттоо кызматынын маалыматына ылайык, 2020-жылдын декабрь айына карата 1 412 206 автоунаа жана көлүктөрдүн 1 705 маркасы катталган.

БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда эң көп айдалган автоунаанын 10 түрүн тизмектеген.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын декабрь айына карата 1 412 206 автоунаа жана 1 705 марка катталган.

Белгилүү болгондой, Кыргызстандын жолдорунда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү автоунаа көп жүрөт. Автокөлүктүн мындай түрүнөн өлкөдө 138 262си катталып, тизменин сап башынан орун алган.

Валюта рыногундагы олку-солкулуктан КРде Европа товарлары кандай кымбаттайт - Sputnik Кыргызстан
Евронун өсүшү менен Кыргызстанда кымбаттай турган 10 товар. Тизме
Экинчи орунда Советтер Союзунун жана Россиянын өндүрүшүнөн чыккан "АвтоВАЗ" компаниясынын унаалары турат. Алардан 136 539у катталган.

1992-жылдан тарта Өзбекстандан чыга баштаган түштүк кореялык Daewoo үлгүсүндөгү автоунаалардан 133 594ү катталып, үчүнчү орунга чыккан.

Япондордун Toyota үлгүсүдөгү автоунаасы дагы Кыргызстанда көп жүрөт. Мындайдан өлкөдө 124 847си катталып, төртүнчү орунга илинсе, Honda үлгүсүндөгү автоунаадан 117 021 даана катталып 5-орунда турат.

6-орунда Hyundai үлгүсүндөгү автоунаалар турат. Алардан Кыргызстанда 82 474ү катталган. Volkswagen үлгүсүндөгү автоунаадан 81 893 даанасы бар экени айтылса, Audi үлгүсүндөгү көлүктөн 66 068и катталганы белгилүү болду. ГАЗ үлгүсүндөгү автоунаалар да ондукка кирип калган. Автоунаанын мындай түрүнөн Кыргызстанда 38 952си катталган. Ал эми 10-орунда Nissan үлгүсүндөгү унаалар (34 295) турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0