Жума күнүнө карата аба ырайы

Жазылуу
18-декабрга караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 17-дек. — Sputnik. 18-декабрь, жума күнү, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Ысык-Көл облустарында -2…+3, Талас өрөөнүндө -1…+4, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +1…+6, Нарында -4…-9 градус болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо -1…+1, Ошто +2…+4 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0