Ишембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Ишембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. 19-декабрь, ишембиде, күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй менен Таласта +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +2...+7, Ысык-Көл аймагында 0...+5 жана Нарын жергесинде -4...-9 градус болот.

Бул күнү термометр Бишкекте +4...+6, Ошто +5...+7 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0