Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековНаступление холодов в Бишкеке
Наступление холодов в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-декабрга караган түнү өлкөнүн кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 21-дек. — Sputnik. 22-декабрь, шейшембиде, күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -4…+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +1…+6, Ысык-Көлдө 0…+5, Нарын өрөөнүндө -8…-13 градусту көрсөтөт.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо -1…-3, Ошто +3…+5 градуска жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0