БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. 28-декабрь, дүйшөмбүдө, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Кээ бир райондордо туман түшүп, жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -3...+2, Талас менен Баткен аймагында -1...+4, Ош, Жалал-Абад облустарында 0...+5, Ысык-Көлдө -2...+3, Нарын жергесинде -7...-12 градуска төмөндөйт.
Бул күнү термометр Бишкекте 0...-2, Ошто +1...+3 градусту көрсөтүп турат.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук милициясы өрт чыккан бала бакчадагы адамдардын бардыгын эвакуациялаган. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.
Эске салсак, бүгүн, 15-январда, Түштүк магистралда жайгашкан жеке менчик бала бакчадан өрт чыккан.
Милициядан билдиришкендей, кырсык тууралуу маалымат саат 17:34тө түшкөн.
"Жерине Ленин райондук милициясынын экинчи бөлүмүнүн кызматкерлери жөнөп кеткен. Алар барганда Масалиев көчөсүндөгү бала бакчанын үстүнкү кабаты күйүп жатканын көрүшкөн. Коопсуздук үчүн имараттын ичиндегилердин бардыгы эвакуацияланып, аймак курчоого алынган. ӨКМдин куткаруучулары бир сааттын ичинде жалынды чектөөгө алып, кийин толугу менен өчүрдү (19:22). Жабыркагандар жана көз жумгандар болгон жок", - дешти милициядан.
Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча каттоого алынды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары уланып жатат.