Кыргызстандын кайсы аймагында айыл чарба ишканалары көп

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүТүшүм жыйноо. Архив
Түшүм жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жалпысынан алганда 2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда аталган тармактарда 453 миңден ашык ишкана бар экени белгилүү болгон. Алар былтыркы жылдын аягында дүң баа менен эсептегенде жалпысынан 221 миллион сомдук товар өндүргөн.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Кыргызстанда айыл чарбасы, токой чарбасы жана балык уулоочулук чөйрөсүндө иштеген ишканалардын эң көбү Ош, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жайгашкан. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматынан билүүгө болот.

Жалпысынан алганда 2020-жылдын 1-январына карата Кыргызстанда аталган тармактарда 453 миңден ашык ишкана бар экени белгилүү болгон. Алар былтыркы жылдын аягында дүң баа менен эсептегенде жалпысынан 221 миллион сомдук товар өндүргөн. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 102 пайызды түзгөн.

"Ишканалардын көбү Ош облусунда (125,2 миң), Жалал-Абад (103,5 миң), Чүй облустарында (67,9 миң) жайгашкан", — деп айтылат билдирүүдө.

Негизинен өлкөдө иштеген бул компаниялар жер-жемиш (50,2 пайыз), мал (47,1 пайыз) жана балык (0,3) өндүрөт. Мындан тышкары, анча чоң эмес көлөмдө (2,4 пайыз) кызмат көрсөтүү менен алектенишет.

Жаңылыктар түрмөгү
0