Шейшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
29-декабрга караган түнү республиканын тоолуу аймактарында кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. 29-декабрь, шейшемби күнү, өлкө боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында -4…+1, Ысык-Көлдө -2…+3, Нарын өрөөнүндө -5…-10, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -4…+1 градус болот.

Бишкекте туман түшсө, Ош шаарында кар жаашы күтүлөт. Термометр борбордо жана Ошто -1…+1 градусту көрсөтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0