БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. 30-декабрь, шаршемби күнү, өлкөнүн айрым аймактарында кар жаайт. Кээ бир райондордо туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0…-5, Талас өрөөнүндө -4…+1, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында -2…+3, Нарын аймагында -4…-9 градус болот.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Термометр борбордо -1…-3, Ошто +1…+3 градусту көрсөтөт.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өрттөн эки киши каза болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган.
"Түнкү саат 03:45 чамасында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында турак үйдүн чатыры жана ичи күйгөн. Анын кесепетинен 48 жаштагы адам каза болгон. Ал эми таңда, саат 05:19га чукул, Бишкектеги Васильевский тар көчөсүндө жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрт бир адамдын өмүрүн алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ соңку сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бригада тартылгандыгын кошумча билдирди.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкекте алдамчылыкка шектелген 41 жаштагы А. К. аттуу жаран кармалганын Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Колго түшүрүлгөн эркек киши уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Укук коргоо органдары анын алдамчылык боюнча 12 фактыга тиешеси бар экенин аныктаган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1,4 миллион сомду түзөт.
РИИБ аны милицияга алып келе жаткан видеону чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Кылмыштардын бири былтыр 25-декабрда катталган. Арыз ээси март айында А.К. ага жер тилкесин сатып алууга жардам берем деп 180 миң сомун алгандыгын билдирген. Ошондой эле 2019-жылдын октябрь айында ага бизнес жүргүзүүнү сунуштап, 20 миң сомун алып байланышпай койгон.
8-январда дагы бир аял укук коргоо органдарына кайрылган. Ал чогуу бизнес баштоону сунуштап, 60 миң сомун алган боюнча дайынсыз жоголгон кишини таап берүүнү суранган.
Алдамчылык фактылары каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.