БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Шейшемби, 5-январь күнү, өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Талас аймактарында 0...-5, Ош, Жалал-Абад облустарында -2...+3, Баткен жергесинде -3...+2, Ысык-Көл өрөөнүндө -1...+4, ал эми Нарында -6...-11 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте -1...-3, ал эми Ошто +1...+3 градусту көрсөтөт.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. АКШнын жаңы шайланган президенти Жо Байден Кыргызстан кошулган бир катар өлкөлөрдүн жарандарына Кошмо Штаттарга кирүүгө тыюу салууларды жокко чыгарганы жатат. Бул тууралуу анын командасына шилтеме берип РИА Новости маалымдады.
Чектөөлөрдү мурда Дональд Трамптын администрациясы киргизген.
"Байден ал чечимди жокко чыгарып, негизинен мусулмандардан турган жана Африка өлкөлөрүнүн жарандарына АКШга кирүүгө уруксат берет. Ошондой эле Мамлекеттик департаментке аталган өлкөлөрдүн жарандарына виза берүү маселесин жаңылоону тапшырат”, — деп айтылат билдирүүдө.Ошондой эле Байден иммигранттарды АКШдан чыгарылбай, убактылуу жашоого мүмкүндүк берген DACA программасын бекемдөөнү карап жатканы кошумчаланды. Аталган программа ушул тапта депортациядан 700 миң кишини сактап турганы кошумчаланды.
Учурда Мьянма, Иран, Кыргызстан, Ливия, Судан сыяктуу 13 мамлекеттин жарандарына АКШга кирүүгө чектөөлөр коюлган.
Жо Байдендин инаугурациясы 20-январь күнү Вашингтон шаарында өтөт.
БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстанда ушул жылдын июнь айына чейин коронавируска каршы вакцина жасалбайт. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Twitter баракчасына жазды.
"Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, COVAX программасынын негизинде 15 миң кишиге ченелген 30 миң доза Pfizer вакцинасы сунушталды. Бирок министрлик аны -70 градуста сактоо үчүн 2 миллион долларга муздаткыч сатып алууну максатсыз деп эсептеди. Дагы 7 вакцина боюнча сунуштар болот. 2021-жылдын июнь айына чейин вакцинация болбойт”, — деп жазды ал.
Буга чейин Кыргызстанга коронавируска каршы эмдөө жүргүзүү үчүн алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталганы айтылган болчу. Бирок аны -70 градуста сактоо үчүн муздаткыч талап кылынары белгилүү болгон.
Россиялык мушкер казакстандык атаандашы Сергей Морозовду муунтуу ыкмасы менен утуп кетти. Беттеш 2-раундда соңуна чыкты.
Ал беттеш аяктаган соң агасы Хабиб дагы алгачкы жеңишин дал ушундай ыкма менен багындырганын эске салды.
"Мен бактылуумун. Тогуз жыл мурда бул рингге Хабиб кирип, дал мендей болуп утуп чыккан. Анын ыкмасын кайталаганыма кубанычтамын”, — деди ал.
Таймашка секундант катары катышкан Хабиб Нурмагомедов өзү инисиндей болуп экинчи эмес, үчүнчү гана раундда жеңгенин кошумчалады.