Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКүндүн батышы. Архив
Күндүн батышы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаршембиге караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. 6-январь күнү, шаршембиде, күндүз өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -3...-8, Таласта 0...-5, Ош, Жалал-Абад облустарында -1...+4, Баткен аймагында -2...+3, Ысык-Көлдө -3...+2 жана Нарын жергесинде -8...-13 градус болот.
Бул күнү термометр Бишкекте -6...-8, Ошто +2...+4 градусту көрсөтүп турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0