БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. 8-январь, жума күнү, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында эртең менен жана күндүз жаан-чачын болушу мүмкүн. Республиканын башка өрөөндөрүндө күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -3...-8, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -1...-6, Ысык-Көлдө -4...+1, ал эми Нарын жергесинде -8...-13 градуска жетет.
Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Борбор калаада -6...-8 градус суук болсо, Ош калаасында -4...-6 градуска жетери болжолдонду.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кочкор районундагы сарайлардын биринен киши колдуу болгон 23 жаштагы келиндин сөөгү табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнын маалымат кызматы кабарлады.
Аялдын каза болгону тууралуу 23-январь күнү 30 жаштагы К.Б. аттуу жергиликтүү тургун кабарлаган. Ал ошол күнү Тынай-Булак кыштоосунда малын багып жаткан 26 жаштагы чабандан кабар алганы барып, кашардагы үйдөн келиндин сөөгүн көргөнүн айткан.
"Окуя болгон жерге барган ыкчам-тергөө тобу келиндин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндүгүн аныктаган. Маркум Чүй облусунун Сокулук районунун 1998-жылы туулган тургуну К.К. экени такталган. Учурда К.Бнын малын багып жаткан малчынын өздүгүн тактоо жана кармоо боюнча ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө", — деп жазылат милициянын маалыматында.
Факты Жазык кодексинин 130-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен сотко чейинки өндүрүш иши башталып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Түштүк-Батыш бажысынын тескөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы билдирди.
Маалыматта Ош шаарындагы "Достук" бажы бекетинде иштеген тескөөчү кызмат адамдарынын катышуусунда товарларды контрабандалык жол менен ташып кирүү фактысы боюнча колго түшкөнү кабарланды.
"2020-жылдын декабрь айында Финансы полициясынын кызматкерлери элдик керектөөдөгү товарлар жүктөлгөн DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунааны кармашкан. Аны "Достук" бажы бекетинин кызматкерлери КР аймагына документтерин бажылык тариздөөдөн өткөрбөстөн жана бажы төлөмдөрүн төлөтпөстөн киргизип жиберишкен. Натыйжада, жүргүзүлгөн эсептөөлөргө ылайык мамлекеттин бюджетине 700 миң сомдон ашык түшпөй калган", — деп айтылат маалыматта.
Кармалган тескөөчү А. Р. 21-январь күнү Ош шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Бул факты боюнча тергөө учурунда 706 260 сом суммасында келтирилген зыяндын орду толтурулганы айтылат.
Азыркы убакта тергөө иштери уланууда.