БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Жекшембиде Кыргызстан боюнча күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүй облусунда 0...+5, Таласта +2...+7, Ош, Жалал-Абад жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө -3...+2, Баткен аймагында -1...+4 градуска чейин жетсе, Нарын жергесинде -1...-6 градус суук болору айтылды.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, борбор калаада +3...+5 градус жылуу болсо, Ошто 0...+2 градуска чейин жетет.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россия коронавируска каршы "Спутник V" вакцинасын Кыргызстандын аймагында чыгарууга даяр. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Жыргалбек Сагынбаев билдирди.
Анын айтымында, кыргыз делегациясы Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин отурумуна катышуу үчүн Москва шаарына барып, Россиянын өкмөт мүчөлөрү жана инвесторлор менен жолуккан. Жыйын учурунда Владимир Путин Россия ЕАЭБдин бардык өлкөлөрүндө вакцина өндүрүшүн ачууга даяр экендигин айткан. Андан кийин муну Россиянын өнөр жай жана соода министри Денис Мантуров дагы ырастаган.
"Эгерде Кыргызстан техникалык мүмкүнчүлүктөрү, тиешелүү шаймандары бар компанияны аныктаса, анда Россия комиссия жиберип, чечим кабыл алууга даяр экенин билдирди", – деди Сагынбаев.
Сагынбаев вакцинаны өндүрүү препараттын жеткиликтүүлүгүн гана камсыз кылбастан, жумуш орундарын да түзөрүн, ошондой эле вакцина өндүрүү жаатындагы өлкөдө алгачкы тажрыйба болорун белгилеген.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада 97 кишиден коронавирус аныкталды, ал эми 157 бейтап оорудан айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
Марттагы пандемиядан бери оору жуктургандардын саны 84 068ге жетти.
Өткөн суткада COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
Жалпысынан оорудан айыккандардын саны 80 182ге жетти.
Учурда стационарда 643 бейтап дарыланып жатса, алардын ичинен 219у оор, ал эми 27си өтө оор абалда. Амбулатордук дарыланууда 907 бейтап бар.
Бир сутка ичинде өлкө боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктуруп алган учурлар катталган жок.
Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен ак халатчандар арасында 4 168 учур катталып, 4 077си сакайды.
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерреш коронавирус пандемиясынын кесепетинен дүйнө акыркы жүз жылдыктагы эң оор экономикалык каатчылыкка кептелгенин билдирди. Бул тууралуу уюмдун сайтында жарыяланды.
Катчынын айтымында, азыр "дүйнө абдан морт болуп турган кез".
"Пандемия эки миллиондон ашык адамдын өмүрүн алып кетти. Экономикалык абалыбыз акыркы 100 жыл ичиндеги эң төмөнкү көрсөтүчкө түштү. Коронавирус адамдар, өлкөлөр арасында теңсиздик бар экенин далилдеп койду. Кыскасы, жаратылышка биз кандай мамиле кылсак, ал бизге дал ошондой сокку уруп жатат. Дүйнө эли диалогго келип, кызматташуубуз керек", — деди Гутерреш.
Ошондой эле ал 2021-жылы дүйнөнү калыбына келтирүүдө өкмөттөр, эл аралык уюмдар, жеке сектор жана жарандык коом биргелешип ынтымакта иштешүүсү керектигин кошумчалады.