Шаршембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Шаршембиге караган түнү көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. 13-январь, шаршембиде, күндүз облустарда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -3...+2, Таласта +1...+6, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +4...+9, Ысык-Көлдө -2...+3, Нарын жергесинде -8...-13 градус болот.
Бул күнү борбор калаада кар жааса, Ошто жаан-чачын күтүлбөйт. Термометр Бишкекте 0...+2, Ошто +7...+9 градусту көрсөтүп турат.
Жаңылыктар түрмөгү
0