Кар тазалап жаткан муниципалдык кызматкерлер. Архив

Бейшембиге карата аба ырайы

170
14-январга караган түнү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү болжолдонууда.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Бейшембиде өлкөнүн кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда -2…+3, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +5…+10, Ысык-Көл жергесинде -1…+4, Нарын өрөөнүндө -6…-11 градус болору кабарланды.

Бишкекте кар жааса, Ошто жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо +1…+3, Ош шаарында +8…+10 градус болот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылы сакталышы зарыл экени белгиленди.

170
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
New York Times КРди 2021-жылы саякаттоого сунушталган өлкөлөрдүн катарына кошту
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова. Архив

Исакова: Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9, 11-класстар салттуу окуйт

6
Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Чынара Исакова борбор калаада мэрияга караштуу 97 орто билим берүү мектеби бар экендигин айтты.
Исакова: Бишкекте 18-январдан тарта 1, 5, 9, 11-класстар салттуу окуйт

18-январдан тарта Бишкектеги орто мектептер салттуу режимде окуй башташат. Бул тууралуу Чынара Исакова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, балдарын мектепке жеткирип барган ата-энелер да эпидемиологиялык абалды эске алып, тиешелүү эрежелерди карманышы шарт.

"18-январдан тарта Бишкек мэриясына караган мектептер айрым класстардын окуучулары үчүн эшигин ачат. Алар 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары. Жалпысынан 56 миңден ашуун окуучу барып окуйт. Бардык эпидемиологиялык шарттар эске алынды, мектептер даяр", — деди Исакова.

Адис бирдиктүү мектеп формасы талап кылынбастыгын, бирок дресс-кодду сактоо зарылдыгын кошумчалады.

6
Белгилер:
коронавирус, мектеп, Бишкек, Чынара Исакова
Тема боюнча
Абдылдаева: 2100 мектеп реалдуу режимде окуусун баштады
Студенттер лекция учурунда. Архив

РФ ЖОЖдору бюджетке кабыл ала баштады. Кыргызстандыктар эмнени билиши керек

6
(жаңыланган 11:37 16.01.2021)
Жогорку окуу жайларга документтерди мектеп бүтүрүүчүлөрү да, орто окуу жайды аяктагандар да тапшырса болот. Талапкерлерди кабыл алуу Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгү аркылуу гана жүрөт.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Россияда 2021-2022-окуу жылына бюджеттик окуу жайларга документтерди кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу маалымат Россотрудничествонун расмий сайтына чыкты.

Документтерди кабыл алуу Россия өкмөтү кыргызстандыктар үчүн бекиткен квотага ылайык жүрөт. РФтин ЖОЖдорунан билим алууну каалагандарды тандоо түздөн-түз Россотрудничествонун КРдеги өкүлчүлүгү аркылуу өтүп, башка эч кандай жол, ортомчулук болбойт.

Окуу жайларга документтерди мектеп бүтүрүүчүлөрү да, орто окуу жайды аяктагандар да тапшыра алышат. Эгерде талапкер документин тапшырган учурда башка жакта билим алып жаткан болсо, анда баалары менен кошо академиялык справкасын алып келүүсү керек.

Документтерди кабыл алуу 2021-жылдын 20-январынан 20-февралына чейинки аралыкта бир гана EDUCATION IN RUSSIA сайтында жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн убакыттан кеч берилген документтер каралбайт.

Каттоого алуу өтө кыска убакытта жүргүзүлөт. Ошондуктан документтерди алдын ала даярдоо зарыл. Аларды толтуруу боюнча консультация 2021-жылдын 26-январынан тарта аптасына эки жолу (шейшемби, бейшемби күндөрү) саат 17:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт.

Бардык документтерди электрондук түрдө (файлдар pdf форматында болушу зарыл, бир документ — бир файл, файлдын көлөмү 3 Мбайттан ашпашы талап кылынат) EDUCATION IN RUSSIA сайтына жүктөө керек. Ар бир файлдын аталышы (аты-жөнү жана документтин аталышы) болушу зарыл.

Сурап-билүү үчүн +996 (312) 300-512 телефону же abiturient@kgz.rs.gov.ru электрондук почтасы аркылуу кайрылууга болот.

6
Белгилер:
документ, Кыргызстан, бюджет, билим берүү, ЖОЖ, Россия
Тема боюнча
Россиянын алдыңкы ЖОЖдоруна кантип өтүү керек? Пайдалуу портал
Россияда билим алууга квота бөлүү: система реформаланат, орун көп болот
Казакстандын тез жардам кызматкерлери. Архив

COVID: Казакстанда өлгөндөрдүн саны көбөйүп, Нур-Султан кызыл зонага кирди

0
Эрежеге ылайык, аталган аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Казакстанда акыркы 24 саат ичинде коронавирустан 12 адам көз жумду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Өткөн суткада коңшу өлкөдө бир миңден ашуун адамдан коронавирус жана пневмония аныкталган. Ушу тапта ооруканада коронавирустан 12 284 киши, пневмониядан 11 781 дарыланууда. Ал эми мурдагы суткада илдеттерден жети адам каза болгон.

Жалпысынан Казакстанда COVID-19га кабылгандардын саны бүгүн 213 855 кишиге жетти.

Өлкөдө абал жакшырбай жаткандыктан, Саламаттык сактоо министрлиги борбор калаа Нур-Султан шаарын кызыл зонага киргизди. Эми эрежеге ылайык, бул аймакка кайрадан бир катар чектөөлөр жарыяланмакчы. Азыр Нур-Султан менен кошо эң кооптуу аймактарга Акмоло жана Костанай облустары кирет.

0
Белгилер:
абал, коронавирус, Нур-Султан, Казакстан
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияда COVID-19ду бир саатта аныктай турган тест-система жасалды
Ким оорушу мүмкүн? Иммунолог коронавирустун жазындагы жаңы толкунуна баа берди