Жума күнгө карата аба ырайы

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКардын үстүндө турган кол чатыр. Архив
Кардын үстүндө турган кол чатыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
22-январдан 24-январга чейин аба ырайы туруксуз болот. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.
БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жума күнү эртең менен, күндүз кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 17-22 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында -4...+1, Таласта 0...-5, Ысык-Көл аймагында 0...+5 болсо, Нарын жергесинде -2...-7 градуска жетет.
Ош жана Бишкек шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы -1...+1 градуска чейин жетери болжолдонду.
Жаңылыктар түрмөгү
0