https://sputnik.kg/20210123/kyrgyzstanda-bilimduu-ayaldar-kop-1051197001.html
Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар билимдүүрөөк. Статистика
Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар билимдүүрөөк. Статистика
Sputnik Кыргызстан
Туруктуу жумушу бар аялдардын арасында 27 пайызы жогорку билимдүү болсо, эркектер арасында бул көрсөткүч 18 гана пайызды түзөт. 23.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-23T08:32+0600
2021-01-23T08:32+0600
2021-12-15T22:49+0600
жаңылыктар
кыргызстан
коом
аял
эркек
билим
https://sputnik.kg/img/07e4/08/07/1049252896_0:189:2964:1856_1920x0_80_0_0_37da91d44c4d8a3b597866f6a7e1920b.jpg
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Иштеген жарандардын арасынан карай турган болсок, Кыргызстанда кесиптик билими бар эркектерге караганда аялдар басымдуулук кылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.Тагыраагы, иши бар аялдардын арасында 27 пайызы жогорку билимдүү болсо, эркектер арасында бул көрсөткүч 18 гана пайызды түзөт.Кыз-келиндердин билимге умтулганын мындан билсек болот, 2019-2020-окуу жылында ЖОЖдордун студенттеринин 52 пайызын кыздар түзгөн. Ал эми орто кесиптик окуу жайларда окугандардын 56 пайызы кыздар. Ошондой эле аспирантурада окуп жаткан жарандардын ичинен 59 пайызы, докторантурада 67 пайызы аял кишилер.Учурда кыргызстандык кыз-келиндер көбүнесе билим берүү, кеңири керектелүүчү товарлардын технологиясы, саламаттык сактоо, маданият, искусство, сервис сыяктуу адистиктерде окушат.
https://sputnik.kg/20210119/kyrgyzstan-erte-nike-azhyrashuu-zhash-kurak-1051160557.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/08/07/1049252896_0:0:2732:2048_1920x0_80_0_0_b2d1be693fbd787a8f3eb658dcf2c4b3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, коом, аял, эркек, билим
жаңылыктар, кыргызстан, коом, аял, эркек, билим
Кыргызстанда эркектерге караганда аялдар билимдүүрөөк. Статистика
08:32 23.01.2021 (Жаңыртылды: 22:49 15.12.2021) Туруктуу жумушу бар аялдардын арасында 27 пайызы жогорку билимдүү болсо, эркектер арасында бул көрсөткүч 18 гана пайызды түзөт.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Иштеген жарандардын арасынан карай турган болсок, Кыргызстанда кесиптик билими бар эркектерге караганда аялдар басымдуулук кылат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
Тагыраагы, иши бар аялдардын арасында 27 пайызы жогорку билимдүү болсо, эркектер арасында бул көрсөткүч 18 гана пайызды түзөт.
Кыз-келиндердин билимге умтулганын мындан билсек болот, 2019-2020-окуу жылында ЖОЖдордун студенттеринин 52 пайызын кыздар түзгөн. Ал эми орто кесиптик окуу жайларда окугандардын 56 пайызы кыздар. Ошондой эле аспирантурада окуп жаткан жарандардын ичинен 59 пайызы, докторантурада 67 пайызы аял кишилер.
Учурда кыргызстандык кыз-келиндер көбүнесе билим берүү, кеңири керектелүүчү товарлардын технологиясы, саламаттык сактоо, маданият, искусство, сервис сыяктуу адистиктерде окушат.